11-статья. Озон бузуучу заттарды керектөөнү эсепке алуу жана маалымат берүү
Күчүндө · 29.03.2019 редакциясы · 2-бөлүм
Озон бузуучу заттар менен иштөөгө байланышкан ишти жүзөгө ашырган юридикалык жана жеке жактар Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо боюнча атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы белгилеген тартипте озон бузуучу заттарды керектөөнүн эсебин жүргүзөт жана алар менен иштөө боюнча отчеттуулукту жүзөгө ашырат. Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо боюнча атайын ыйгарым укуктуу органы өндүрүлгөн, импорттолгон жана экспорттолгон озон бузуучу заттардын, анын ичинде продукцияда камтылган заттардын түрлөрү жана саны жөнүндө маалыматтарды жалпылайт, ар жылдык отчетту даярдайт жана Монреаль протоколунун Озон Катчылыгына жана Көп тараптуу фондуна берет.
Берененин тексти 29.03.2019 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
11-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202003/st-11" title="11-статья - Озон катмарын коргоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>