Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын «Нарын облусунун жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын жана добуш берүүнүн жыйынтыктарын аныктоо тууралу протоколдорду бекитүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ
2013-жылдын 10-январы № 4 Нарын облусунун жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын жана добуш берүүнүн жыйынтыктарын аныктоо тууралу протоколдорду бекитүү жөнүндө
(КР Борборшайлоокомунун 2013-жылдын 11-июнундагы № 108, 2014-жылдын 5-августундагы № 101 токтомдорунун редакцияларына ылайык) КР Борборшайлоокомунун 2013-жылдын 11-июнундагы № 108 токтомуна ылайык бул токтомдун токтомдун шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдорду бекитүүдөгү, аларды жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таануу жөнүндөгү бөлүктөрү күчүн жоготту КР Борборшайлоокомунун 2014-жылдын 5-августундагы № 101 токтомуна ылайык бул токтомдун жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таануу жөнүндөгү бөлүктөрү күчүн жоготту.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 24-сентябрындагы № 204 Жарлыгы менен дайындалган Нарын облусундагы Нарын районунун жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо 2012-жылдын 25-ноябрында өткөрүлдү. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө жана добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө Нарын облусунун Нарын аймактык шайлоо комиссиясынын протоколдорунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 15-декабрындагы №154 токтомуна, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 2, 24-пункттарын, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 40-беренесиндеги 4-бөлүктү, 62-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нарын районунун Жан-Булак айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо өттү деп табылсын.
2. Нарын районунун Жан-Булак айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө жана добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдор бекитилсин.
3. Чет-Нура айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо өттү деп табылсын.
4. Нарын районунун Чет-Нура айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө жана добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдор бекитилсин.
5. Жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына төмөнкү талапкерлер тиркемеге ылайык шайланган депутаттар деп эсептелсин.
Шайланган депутаттарга белгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана төш белги берилсин.
6. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т.Шайымкуловага жүктөлсүн.
Төрага
Т. Абдраимов
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 10-декабрындагы № 4 токтомунун тиркемеси
Нарын облусундагы Нарын районунун жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ТИЗМЕСИ
Жан-Булак айылдык кеңеши
1. Акунов Раис 299
2. Эшимбеков Аляскар Салбарович 280
3. Өмүрбеков Эркинбек 261
4. Дүйшөналиев Сагынбек 251
5. Токтогулов Бекулу Бейшеналиевич 234
6. Атырова Кыял Чоноевна 233
7. Абдраев Рысбек Макенович 193
8. Калиев Нурбек Асаналиевич 193
9. Ташболотов Алтынбек Апсалиевич 181
10. Эшимбеков Айбек Аскерович 181
11. Кадыров Эмилбек Сейдилдаевич 175
Чет-Нура айылдык кеңеши
1. Мамыров Тазабек Зарлыкович 183
2. Сатыбеков Темирлан Сатыбекович 173
3. Култаева Кенжекан Эсенгуловна 167
4. Садыбакасов Эсенбек 157
5. Баяманов Токтоналы Орозакунович 156
6. Жакыпов Жолдошбек Шайлооевич 143
7. Чолоев Жыргалбек Акунович 134
8. Нурбаев Алтынбек Туйбасович 128
9. Сыдыкбеков Талантбек Акматалиевич 125
10. Абдыгазиев Адилет Исраилович 76
11. Асанбек уулу Адилет 67
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 6 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (4)
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 11-июну № 108 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайланды деп табуу…Постановление · 11.06.2013 · № 108
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 10-январындагы № 4 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттыгына талапкерлерге бош…Постановление · 10.01.2014 · № 4
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 4-июнундагы № 100 "Ош облусунун жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун…Постановление · 04.06.2013 · № 100
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 4-июнундагы № 101 "Ош облусунун Араван, Кара-Кулжа жана Кара-Суу райондорунун жергиликтүү…Постановление · 04.06.2013 · № 101
Шилтеме берет (6)
- КР Шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 15-декабрындагы № 154 "Нарын облусунун жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын…Постановление · 15.12.2012 · № 154
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 11-июну № 108 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайланды деп табуу…Постановление · 11.06.2013 · № 108
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 5-августундагы № 101 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттыгына талапкерлерге бош…Постановление · 05.08.2014 · № 101
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөЗакон · 30.06.2011 · № 62
- Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндөЗакон · 14.07.2011 · № 98
- КР Президентинин 2012-жылдын 24-сентябрындагы ПЖ №204 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоолорду дайындоо жөнүндө" жарлыгыУказ · 24.09.2012 · № 204 · Күчүн жоготкон