Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттыгына талапкерлерге бош калган депутаттык мандаттарды өткөрүп берүү жөнүндөгү аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2015-жылдын 11-февралы № 16 Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттыгына талапкерлерге бош калган депутаттык мандаттарды өткөрүп берүү жөнүндөгү аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык, айрым аймактык шайлоо комиссиялары бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттан кийин турган талапкерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерди кабыл алышкан. "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 2-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн талапкерлерин шайланган депутат деп таануу боюнча токтомдорунун бөлүктөрү, ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын каттоосу, ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын ырастамалары, ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, жараксыз деп таанылсын.
4. Аймактык шайлоо комиссиялардын "Жергиликтүү кеңештердин бош калган депутаттык мандаттарын кийинки талапкерлерге ыйгаруу жөнүндөгү" 2-тиркемеде көрсөтүлгөн чечимдери бекитилсин.
5. 2-тиркемеде көрсөтүлгөн талапкерлер жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылсын.
6. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди берсин.
7. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
8. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерине жөнөтүлсүн.
9. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси Б.Т.Бейшенкуловго жүктөлсүн.
Төрага
Т. Абдраимов
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 11-февралындагы № 16 токтомунун 1-тиркемеси
Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ТИЗМЕСИ
№
Жергиликтүү кеңештердин аталыштары
Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.Ж.
Ыйгарым укугунун токтотулушунун себеби
Талапкерди депутат деп таануу жөнүндө БШКнын токтомунун № жана датасы
Чүй облусу
Сокулук району
1
Сокулук айылдык
Азырханова Жылдыз Ашымбековна
Ээлеген кызмат орду жергиликтүү кеңештин депутатынын статусу менен шайкеш келбегендигине байланыштуу (№4 Сокулук балдар бакчасынын директору)
№ 157, 15.12.2012-ж.
2
Биринчи май айылдык
Джунусалиев Бактыбек Дыйканбекович
Муниципалдык кызматка дайындалган
3
Жаңы-Жер айылдык
Оторов Нурадин Мамилович
Өлгөндүгүнө байланыштуу
Ысык-Ата району
4
Кант шаардык
Зарлыков Болот Съездбекович
Өз арызы
№ 157, 15.12.2012-ж.
5
Люксембург айылдык
Ногоев Тимур Дуйшенбекович
Муниципалдык кызматка дайындалган
Ош облусу
Алай району
6
Кашка-Суу айылдык
Баапов Айбек Суюнбаевич
Себепсиз сессияларга катары менен 5 жолу келген эмес
№ 155, 15.12.2012-ж.
Кара-Суу району
7
Төлөйкөн айылдык
Абдукаримов Алмаз Абдылазович
Айыл өкмөт башчысы болуп шайланган
№ 115, 26.09.2014-ж.
Нарын облусу
Ат-Башы району
8
Ак-Моюн айылдык
Манаев Мусабек
Ээлеген кызмат орду жергиликтүү кеңештин депутатынын статусу менен шайкеш келбегендигине байланыштуу (А.Койчуманов атындагы орто мектебинин директору)
№ 154, 15.12.2012-ж.
Жалал-Абад облусу
Ала-Бука району
9
Өрүктү айылдык
Абдумажитов Бактыяр Муталович
Өз арызы
№ 152, 15.12.2012-ж.
Талас облусу
Талас шаары
10
Талас шаардык
Мураталиев Марат Молдонович
Өз арызы
№ 156, 15.12.2012-ж.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 11-февралындагы № 16 токтомунун 2-тиркемеси
Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылган талапкерлердин ТИЗМЕСИ
№
Жергиликтүү кеңештердин аталыштары
Жергиликтүү кеңештин кийинки шайланган депутатынын Ф.А.Ж.
Ээлеген кызматы, кызмат орду
Бош калган депутаттык мандатты ыйгаруу боюнча АШКнын чечими
Чүй облусу
Сокулук району
1
Сокулук айылдык
Бактыбаев Буланбек Согушбекович
Убактылуу иштебейт
№ 170, 23.12.2014-ж.
2
Биринчи май айылдык
Тогузбаев Самат Сабырович
"Карабай" дыйкан чарбасы, башчы
№ 172, 23.12.2014-ж.
3
Жаңы-Жер айылдык
Ырыскулов Давлатбек Абсаматович
Жаңы-Жер айыл өкмөтү, кароолчу
№ 176, 03.02.2015-ж.
Ысык-Ата району
4
Кант шаардык
Туркебаева Кенжегул Асанакуновна
Тентишев атындагы медициналык институту, чарба башчы
№ 3, 13.01.2015-ж.
5
Люксембург айылдык
Шайлдабеков Туратбек Кармабекович
Жеке ишкер
№ 2, 13.01.2015-ж.
Ош облусу
Алай району
6
Кашка-Суу айылдык
Камчыбеков Жылдызбек Самиевич
Кара-Бак орто мектеби, дене тарбия мугалими
№ 1/1, 03.02.2015-ж.
Кара-Суу району
7
Төлөйкөн айылдык
Кочкоров Кумарбек Үсөнович
Убактылуу иштебейт
№ 63, 29.01.2015-ж.
Нарын облусу
Ат-Башы району
8
Ак-Моюн айылдык
Мамбетисаева Жамыйла Молдакуновна
А.Койчуманов атындагы орто мектеби, мугалим
№ 4, 20.01.2015-ж.
Жалал-Абад облусу
Ала-Бука району
9
Өрүктү айылдык
Шералиев Акбаралы Балтагулович
"Ак-Терек" фермердик чарбасы, айдоочу
№ 12, 02.02.2012-ж.
Талас облусу
Талас шаары
10
Талас шаардык
Татаева Самырбүбү Нурийевна
Талас облустук биргелешкен ооруканасы, балдар реанимация бөлүмү, башчы
№ 156, 29.01.2015-ж.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 5 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (5)
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 15-декабрындагы № 152 "Жалал-Абад облусунун жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоонун…Постановление · 15.12.2012 · № 152
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 15-декабрындагы № 157 "Чүй облусунун жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жана…Постановление · 15.12.2012 · № 157
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 15-декабрындагы № 155 "Ош облусунун жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын жана…Постановление · 15.12.2012 · № 155
- КР Шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 15-декабрындагы № 154 "Нарын облусунун жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын…Постановление · 15.12.2012 · № 154
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 15-декабрындагы № 156 "Талас облусунун жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын…Постановление · 15.12.2012 · № 156
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөЗакон · 30.06.2011 · № 62
- Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндөЗакон · 14.07.2011 · № 98