Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР ӨКМӨТҮНӨ КАРАШТУУ ОТУН-ЭНЕРГЕТИКАЛЫК КОМПЛЕКСТИ ЖӨНГӨ САЛУУ БОЮНЧА МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИГИНИН «Ишканаларды (мекемелерди) электр энергиясын ири керектөөчүлөрдүн, электр энергиясын керектөөчү-алып кайра сатуучулардын жана бөлүштүрүүчү ишканалардын (электр энергиясын бөлүштүрүүчү ишканалардын) тизмегине киргизүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө» буйругу
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Министерство Энергетики КР от 22 ноября 2024 года № 13-205 "О признании утратившими силу некоторых приказов Государственного агентства по регулированию топливно-энергетического комплекса при Правительстве Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2024-11-22.
КР Энергетика министрлигинин 2024-жылдын 22-ноябрындагы № 205 буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНӨ КАРАШТУУ ОТУН-ЭНЕРГЕТИКАЛЫК КОМПЛЕКСТИ ЖӨНГӨ САЛУУ БОЮНЧА МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИГИНИН БУЙРУГУ
2021-жылдын 28-январы №4 Ишканаларды (мекемелерди) электр энергиясын ири керектөөчүлөрдүн, электр энергиясын керектөөчү-алып кайра сатуучулардын жана бөлүштүрүүчү ишканалардын (электр энергиясын бөлүштүрүүчү ишканалардын) тизмегине киргизүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын “Энергетика жөнүндө”, “Электр энергетикасы жөнүндө” мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомуна, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 22-августундагы № 576 токтому менен бекитилген “Электр энергиясын пайдалануу эрежелерине”, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин 2020-жылдын 21-июлундагы № 2 буйругу менен бекитилген электр жана жылуулук энергиясына тарифтерди колдонуу боюнча нускамага ылайык, буйрук кылам:
1. Ишканаларды (мекемелерди) электр энергиясын ири керектөөчүлөрдүн, электр энергиясын керектөөчү-алып кайра сатуучулардын жана бөлүштүрүүчү ишканалардын (электр энергиясын бөлүштүрүүчү ишканалардын) тизмегине киргизүүнүн тартиби бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин пресс-катчысы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 “ Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө” токтомуна ылайык ушул буйрукту жарыяласын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин укуктук колдоо бөлүмү:
- расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде ушул буйруктун көчүрмөсүн ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн;
- күчүнө киргенден тартып үч жумуш күндүн ичинде маалымат үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына жөнөтсүн.
4. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Директор
Т.И. Нурбашев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 4
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин 2024-жылдын 22-ноябрындагы № 205 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча…Приказ · 22.11.2024 · № 13-205
- Ишканаларды (мекемелерди) электр энергиясын ири керектөөчүлөрдүн, электр энергиясын керектөөчү-алып кайра сатуучулардын жана бөлүштүрүүчү ишканалардын (электр энергиясын…Порядок · 28.01.2021 · № 4 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (5)
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 "Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө"Постановление · 26.02.2010 · № 117
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 22-авугстундагы № 576 "Электр энергиясын пайдалануу эрежесин бекитүү жөнүндө " токтомуПостановление · 22.08.2012 · № 576
- Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин 2024-жылдын 22-ноябрындагы № 205 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча…Приказ · 22.11.2024 · № 13-205
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына…Постановление · 15.09.2014 · № 530 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттигинин 2020-жылдын 21-июлу №2 "Электр жана жылуулук энергияcына…Приказ · 21.07.2020 · № 2 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (4)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Электр энергетикасы жөнүндөЗакон · 28.01.1997 · № 8
- Электр энергиясын пайдалануу Эрежелери (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 22-августундагы № 576 токтому менен бекитилген)Правила · 22.08.2012 · № 576
- Энергетика жөнүндөЗакон · 30.10.1996 · № 56
- Электр жана жылуулук энергиясына тарифтерди колдонуу боюнча НУСКАМА (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик…Инструкция · 21.07.2020 · № 2 · Күчүн жоготкон