8-статья. Чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуунун борборлоштурулган
Күчүндө · 18.07.2014 редакциясы · II бөлүм
тутумдарын долбоорлоо, куруу жана кайра конструкциялоо
Чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуунун борборлоштурулган тутумдарын долбоорлоо, куруу жана кайра конструкциялоо аймактарды өнүктүрүүнүн башкы пландарынын эсептик көрсөткүчтөрүнө, курулуш ченемдерине жана эрежелерине, мамлекеттик стандарттарга, атайын ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдар тарабынан бекитилүүчү экологиялык эрежелерге жана ченемдерге ылайык жүзөгө ашырылат. Долбоорлонуп жаткан чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуунун борборлоштурулган тутуму, анын курулуштарынын жана жабдууларынын комплекси, суунун реагенттери жана иштетүүнүн технологиясы ичүүчү сууну зарыл санда жана талап кылынган сапатта, сууну өтө көп керектөөнүн шарттарында жана суу менен жабдуунун пайдаланылган булактарындагы суунун маалдык сапаты өтө начар болгон шартта алууну, бөлүштүрүүнү жана керектөөчүлөргө берүүнү камсыз кылууга тийиш. Мында суу менен жабдуу булагынын суу алынуучу аймагын курчап турган чөйрөнүн табигый жана антропогендик факторлорунун таасиринин натыйжасында ичүүчү суунун сапатына таасир тийгизишине мүмкүн болуучу өзгөрүүлөрдү болжолдоонун маалыматтары жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдүн жана мамлекеттик экологиялык контролдоонун талаптары эске алынууга тийиш. Чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуунун борборлоштурулган тутумдары үчүн суу менен камсыз кылуу булактарын тандап алууда ичүүчү суунун коопсуздугунун кепилдиктерин жогорулатуу максатында жер астындагы булактарга басым жасалууга тийиш. Чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуунун борборлоштурулган тутумдарынын объектилерин куруунун же кайра конструкциялоонун долбоорлоо-сметалык документтерин иштеп чыгуу тиешелүү лицензиясы бар адистештирилген долбоорлоо уюмдары тарабынан жүзөгө ашырылат. Чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуунун борборлоштурулган тутумдарынын ээлери менен катар тутумдарды курууну же кайра конструкциялоону инвестициялаган уюмдар, анын ичинде суу менен жабдуу уюмдары долбоорлоо жумуштарынын буюртмачылары боло алат. Чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуунун борборлоштурулган тутумдарын куруунун же кайра конструкциялоонун долбоорлоо-сметалык документтерин иштеп чыгуунун жана экспертизадан өткөрүүнү макулдашуунун жана бекитүүнүн тартиби колдонуудагы мыйзамдар тарабынан белгиленет. Чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуунун борборлоштурулган тутумдарынын объектилериндеги ишке киргизүү-жөнгө салуу жумуштары жана алардын ишинин регламентин аныктоо тиешелүү сертификаты жана лицензиясы бар адистештирилген уюмдар тарабынан жүргүзүлөт.
Берененин тексти 18.07.2014 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
8-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
- Кайыңды шаардык кеңешинин 2026-жылдын “26” августу № 70/XXI –2 "Кайыңды шаары боюнча «Тунук суу» долбоорун ишке ашырууну макулдашуу жөнүндө" токтомуПостановление · 26.08.2026 · № 70/XXI –2
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/200/st-8" title="8-статья - Ичүүчү суу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>