Кайыңды шаардык кеңешинин 2026-жылдын “26” августу № 70/XXI –2 «Кайыңды шаары боюнча «Тунук суу» долбоорун ишке ашырууну макулдашуу жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КАЙЫҢДЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын “26” августу № 70/XXI –2
Кайыңды шаары боюнча «Тунук суу» долбоорун ишке ашырууну макулдашуу жөнүндө Кайыңды шаарынын калкын ичүүчү суу менен камсыз кылуу жана канализация жана тазалоочу курулмалар тутумунун ишин камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын 27-беренесинин 4, 5-пунктарынын, Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 25-мартындагы № 33 «Ичүүчү суу жөнүндө» мыйзамынын 8-беренесинин негизинде Кайыңды шаардык кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаменти (мындан ары – Департамент) тарабынан Кайыңды шаарынын аймагында ишке аша турган «Тунук суу» долбоору (мындан ары – Долбоор) колдоого алынсын.
2. Департаменттин өкүлдөрү тарабынан көрсөтүлгөн сунуштарды карап чыгуунун негизинде Долбоорду ишке ашыруу жаңы түзүлө турган райондук маанидеги ичүүчү суу менен камсыз кылуучу ишкананын базасында («Каинды Сервис» муниципалдык ишканасынын базасында эмес) ишке ашыруу жолу тандалсын.
3. Ушул токтом каттоого алынсын жана токтомдун көчүрмөсү ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети Кайыңды шаардык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
| Төрага: | | Ж.Н.Капалов |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Ичүүчү суу жөнүндөЗакон · 25.03.1999 · № 33
- Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөЗакон · 20.10.2021 · № 123