Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
9-статья. Айыл жерлеринде чарбалык-ичүүчү суу менен камсыз кылуу
Күчүндө · 18.07.2014 редакциясы · II бөлүм
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 20 июля 2009 года № 240
Айыл жерлеринде калкты чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуу суу менен жабдуунун борборлоштурулган тутумдары жана локалдуу суу түтүктөрү, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын менчигинде болгон суу менен жабдуунун жергиликтүү жана борборлоштурулбаган өзүнчө иштеген тутумдары (курулуштары) аркылуу жүзөгө ашырылат. Дачаларды жана багбанчылык кооперативдерин, өзүнчө турган имараттарды жана башкаларды суу менен жабдуу борборлоштурулбаган түрдө жүзөгө ашырылышы мүмкүн. Айыл жерлериндеги чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуу тутумунун (суу түтүктөрүнүн, курулуштарынын) ээлери аларды иштей турган абалында кармап туруу жана ичүүчү суунун гигиеналык талаптарга ылайык коопсуз болушу үчүн жоопкерчилик тартат. Айыл жерлеринде чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуу тутумдарын (суу түтүктөрүн, курулуштарын) пайдалануу менчик (суу түтүктөрүнүн, курулуштарынын) ээси менен түзүлгөн келишим боюнча жүзөгө ашырылышы мүмкүн. Мамлекеттик башкаруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары айыл жерлеринде суу менен жабдуу тутумдарын долбоорлоо, куруу жана пайдалануу боюнча жумуштарды аткарууну мыйзамдарда каралган салыктык жана башка жеңилдиктерден пайдаланган социалдык инфраструктурасы боюнча атайын кызматтарга жүктөшөт. Фермердик, дыйкан чарбаларын чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуу тутумдарды (суу түтүктөрүн. курулуштарын) иликтөө жумуштарын жүргүзүүдө, долбоорлоодо жана курууда кредит берүү жана зарыл болгон көмөк көрсөтүүнү камсыз кылуу материалдык ресурстарды жана жабдууларды биринчи кезекте бөлүп берүү менен жеңилдик берүүчү шарттарда жүзөгө ашырылат. Айыл жерлеринде чарбалык-ичүүчү суу менен жабдууну өнүктүрүү программасын каржылоо үчүн инвестициялардын ар кандай түрүн, анын ичинде аларга салыктык жана башка жеңилдиктерди берүү менен эл аралык компаниялардын жана жеке жактардын инвестицияларын тартууга жол берилет. (КР 2000-жылдын 29-сентябрындагы № 81, 2009-жылдын 20-июлундагы № 240 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык
Берененин тексти 18.07.2014 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/200/st-9" title="9-статья - Ичүүчү суу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>