Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
7-статья. Чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуунун борборлоштурулган тутумдары
Күчүндө · 18.07.2014 редакциясы · II бөлүм
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 18 июля 2014 года № 144
Чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуунун борборлоштурулган тутумдары Кыргыз Республикасынын калкын ичүүчү суу менен камсыз кылуу жагындагы негизги өндүрүштүк тариз болуп эсептелет жана жашоону камсыз кылуучу жана жаратылышты коргоо объектилери сыяктуу эле артыкчылыктарга жана привилегияларга ээ болот. Алар мамлекеттик, муниципалдык менчикте болушу мүмкүн. Чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуунун борборлоштурулган тутумунун менчик ээси аны долбоорлоону, курууну, кайра конструкциялоону, өнүктүрүүнү каржылайт жана тутумдун өзү тейлеген жердеги калкты чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуунун керектөөлөрүнө ылайык келиши жана андагы ичүүчү суунун сапаты, ошондой эле тутумду пайдаланууну ресурстар менен камсыз кылуу үчүн, оңдоо-калыбына келтирүү жумуштарын өз убагында жүргүзүү, тутумдун ишке жөндөмдүүлүгүн пайдалануунун өзгөрүп турган шарттарына ылайык кармап туруу үчүн аны өнүктүрүү жана кайра конструкциялоо үчүн жоопкерчилик тартат. Калк жашаган жерлерди чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуунун борборлоштурулган тутумун өнүктүрүүнүн программасы тиешелүү аймактардагы (айылдык аймак, шаар, район, область, республика) социалдык-экономикалык өнүгүүнүн пландарынын ажырагыс курамдык бөлүгү болуп эсептелет. Чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуунун борборлоштурулган тутумдарын пайдалануу суу менен камсыз кылуунун адистештирилген ишканалары тарабынан тутумдардын менчик ээлери менен түзүлгөн келишимдердин негизинде жүзөгө ашырылат. Ведомстволорго караштуу чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуунун борборлоштурулган тутумдарын пайдалануу сууну пайдалануу укугуна лицензиясы бар-тутумдун ээси болгон ведомстволордун адистештирилген кичи бөлүмдөрү тарабынан жүзөгө ашырылышы мүмкүн. Чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуунун борборлоштурулган тутумдарын пайдаланган ишканалар ичүүчү сууну өндүрүүнүн технологиялык регламентинин бардык талаптарын аткарууга жана анын сапатынын гигиеналык талаптарга ылайык келишине контролдукту камсыз кылууга милдеттүү. Ушул тутумдардан алынган ичүүчү сууну пайдаланган жана суу менен камсыз кылуу ишканалары тарабынан белгиленген тартипте катталган юридикалык жана жеке жактар чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуунун абоненттери болуп эсептелет. Чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуунун борборлоштурулган тутумдарынын абоненттери сууну пайдаланууну суу менен камсыз кылуу ишканалары менен түзүлгөн келишимдердин негизинде жүзөгө ашырат. Макулдашкан тараптардын өз ара укуктары жана милдеттери Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин жоболоруна, ошондой эле атайын ыйгарым укук берилген мамлекеттик башкаруу органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан белгиленген эрежелерге ылайык түзүлгөн келишимде чагылдырылат. Чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуунун борборлоштурулган тутумдарынын абоненттери ичүүчү сууну шаймандар, документтер менен камсыз кылууга жана эсепке алууга, сарамжал пайдаланууга милдеттүү, алар сууну керектөөнү келишимде каралган лимиттерден ашык пайдалангандыгы, келишимдин башка шарттарын бузгандыгы үчүн материалдык жоопкерчилик тартат. Суу менен жабдуу ишканалары ичүүчү сууну калктын жана тамак-аш өнөр жай ишканаларынын муктаждыктары үчүн чарбалык-ичүүчү жана коммуналдык, турмуш-тиричилик муктаждыктарын канааттаттандыруу үчүн биринчи кезекте берүүнү камсыз кылууга милдеттүү. Башка ишканалардын өндүрүштүк муктаждыктарын камсыз кылуу үчүн ичүүчү сууну берүүгө өзгөчө учурларда гана, аны жүзөгө ашыруу калктын муктаждыктарын канааттандыруу үчүн зыян келтирбеген техникалык мүмкүнчүлүк болгондо гана жол берилет. Чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуунун борборлоштурулган тутумдарын пайдаланган суу менен жабдуу ишканаларынын ичүүчү сууну өндүрүү үчүн химиялык реагенттерге, материалдарга, жабдууларга жана приборлорго болгон керектөөлөрү мамлекеттик жана муниципалдык муктаждыктардын жана жергиликтүү коомчулуктун муктаждыктарынын(мамлекеттик буюртма) номенклатурасына киргизилет жана биринчи кезектеги тартипте канааттандырылууга тийиш. Ичүүчү сууну өндүрүүдө пайдаланылуучу химиялык реагенттерди жана башка продукцияларды жөнөтүүчү ишканалар алардын мамлекеттик буюртмага жана келишимдик милдеттенмелерге ылайык өз убагында жөнөтүлбөгөндүгү, анын сапатынын стандарттар менен техникалык шарттарда белгиленген ченемдерге ылайык келбеши үчүн жоопкерчилик тартат, мында аларды жөнөтпөй койгондо же сапаты төмөн болгондо калктын саламаттыгына мүмкүн болуучу зыян келтирүү эсепке алынат. Суу алуучу жерлерде суу менен жабдуу булактарынын жол берилүүчү ченемдерден ашыкча булганышына (табигый калыптанган чөйрөнү эсепке алуу менен) байланыштуу суу менен жабдуу ишканаларынын ичүүчү сууну өндүрүүдөгү кошумча чыгымдарын компенсациялоо мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл органдарынын же мамлекеттик экологиялык контролдоо органдарынын сунушу боюнча булактарды булгоодо күнөөлүү болгон ишканалардан, мекемелерден, уюмдардан жана жеке менчик чарбалардан алынган каражаттардын, анын ичинде алардын экологиялык (бюджеттен тышкаркы) фондго төгүлүүчү төлөмдөрүнүн эсебинен жүргүзүлөт. Компенсациянын өлчөмү суу менен жабдуучу ишкана жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу-тескөө органы тарабынан суу менен жабдуу булактарынын булганган сууларын кошумча тазалоо жана зыянсыздандыруу боюнча чыгымдардын ордун толук толтурууну эске алуу менен аныкталат. Компенсациянын өлчөмү суу менен жабдуу булактарынын булганган сууларын кошумча тазалоо жана зыянсыздандыруу боюнча чыгымдардын ордун толук толтурууну эске алуу менен суу менен жабдуучу ишкананын сунушу боюнча жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилет. (КР 2009-жылдын 20-июлундагы № 240, 2014-жылдын 18-июлундагы № 144 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 18.07.2014 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 18 июля 2014 года № 144 "О внесении изменений и дополнения в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 20 июля 2009 года № 240 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О питьевой воде"Редакцияларды салыштыруу
18.07.2014 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…тутумун өнүктүрүүнүн программасы тиешелүү аймактардагы (айылдык алынып салынды: округ, кошулду: аймак, шаар, район, область, республика) социалдык-экономикалык өнүгүүнүн … боюнча чыгымдардын ордун толук толтурууну эске алуу менен аныкталат. кошулду: Компенсациянын өлчөмү суу менен жабдуу булактарынын булганган сууларын кошумча тазалоо жана зыянсыздандыруу боюнча чыгымдардын ордун толук толтурууну эске алуу менен суу менен жабдуучу ишкананын сунушу боюнча жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилет.
(КР 2009-жылдын 20-июлундагы № алынып салынды: 240 Мыйзамынын редакциясына кошулду: 240, 2014-жылдын 18-июлундагы № 144 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/200/st-7" title="7-статья - Ичүүчү суу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>