6-статья. Суу менен жабдуу ишканаларынын компетенциясы
Күчүндө · 18.07.2014 редакциясы · I бөлүм
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 12 ноября 2011 года № 206
6-берене боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун 6-берене менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Суу менен жабдуу ишканасы: түзүлгөн келишимдерге ылайык абоненттерди суу менен жабдууну, булганыч сууларды алууну, бурууну жана тазалоону камсыз кылат; ичүүчү суунун коопсуздугун жана зыянсыздыгын, анын стандарттарга жана гигиеналык талаптарга ылайыктуулугун камсыз кылат; суу түтүктөрү канализациялык тармактардын, суу алынуучу чорголордун жана алардын балансында турган башка курулуштардын абалына жана пайдаланылышына такай көзөмөлдүк жүргүзүүнү жүзөгө ашырат; көп квартиралуу турак үйлөрдөгү жайлардын ээлеринин жалпы мүлкү болуп саналган керектөөчү приборлорунан (кран, аралаштыргыч, суу челеги жана башкалар) башка, эксплуатациялануучу тармактардын жана жабдуулардын талаптагыдай техникалык абалын жана коопсуздугун камсыз кылышат; ичүүчү суунун коромжулугуна каршы план ченемдүү күрөш жүргүзүшөт, сырткы тармактардагы суулардын коромжу агууларын айкындашат, абоненттердин ички тармактарында суунун коромжулуктарына контролдукту жүзөгө ашырышат, ичүүчү сууну берүүнүн тарифтеринин сакталышын, булганыч сууларды агызып чыгаруунун жана булгоочу заттарды чыгаруунун ченемдиктерин контролдошот; абоненттердин суу ченөөчү приборлору (суу ченегичтери) жок суу керектөөчүлөрүнүн курамын, санын текшерүүлөрдү жүргүзүшөт. Суу менен жабдуучу ишкана абоненттерге суу берүү убактылуу токтотулган, ал суу түтүктөрүн курулушун жана тармагын пландуу оңдоого байланышкан учурларда бул жөнүндө абоненттерге кеминде беш суткадан мурда кабарлоого милдеттүү. Керектөөчүлөрдү чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуу ишканалары тарабынан Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин жоболоруна, "Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык түзүлүүчү жана алардын өз ара мамилелеринин негизи болгон коомдук келишимдердин негизинде жүргүзүлөт. Коомдук келишимде келишимдин предмети - керектөөчүнү чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуу белгиленген ченемдиктен аз эмес санда жана "Ичүүчү суунун" стандартынын талаптарына ылайык келген сапатта үзгүлтүксүз камсыз кылуу каралат, ошондой эле керектөөчүнүн берилген чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуу үчүн акы төлөөсүнүн мөөнөттөрү макулдашылат. Керектелүүчү суунун саны чарбалык-ичүүчү суу керектөөчүнүн ар бири үчүн суу менен жабдуу ишканасы тарабынан орнотулуучу жекече суу ченөөчү приборлор (суу ченегичтер) боюнча аныкталат. Орнотулган жекече суу ченөөчү приборлор (суу ченегичтер) суу менен жабдуу ишканасынын балансына алынат жана анын менчиги болуп саналат. Керектөөчүгө сууну келишимде белгиленген ченемдерден аз же стандарттын талаптарына ылайык келбегендей же олуттуу кемчиликтер менен берүү, ошондой эле күн бою жана андан ашыгыраак убакытка суу бербөө келишимди бузууга жатат жана керектөөчүгө келтирилген материалдык зыяндын ордун толтуртуп алуу укугун жана доонун суммасынын 3 пайыз өлчөмүндө бышмана төлөтүп алууга укук берет, бирок ал бул өлчөмдөн ашпоого тийиш. (КР 2003-жылдын 28-июнундагы № 118, 2011-жылдын 12-ноябрындагы № 206 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 18.07.2014 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
6-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (3)
- Каракол шаардык кенешинин 2010-жылдын 29-декабрындагы № 25-32/3 "Ичүүчү суу менен камсыз кылуу жана иштетилген сууларды кабыл алуу боюнча кызмат көрсөтүүгө типтүү келишимдерди…Постановление · 29.12.2010 · № 25-32/3
- Чапаев айылдык кеңешинин 2017-жылдын 21-июнундагы № 20 «Спартак-Суу» ичүүчү сууну пайдалануучулардын айылдык коомдук бирикмесинин керектелген электроэнергия үчүн кредитордук…Постановление · 21.06.2017 · № 20
- Чапаев айылдык кеңешинин 2017-жылдын 21-июнундагы № 22 «Спартак-Суу» жана «Сармурза» ичүүчү сууну пайдалануучулардын айылдык коомдук бирикмелеринин иш-аракети жөнүндө" токтомуПостановление · 21.06.2017 · № 22
Беренеде аталган актылар (1)
- Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндөЗакон · 10.12.1997 · № 90
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/200/st-6" title="6-статья - Ичүүчү суу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>