6-статья. Коопсуздук чаралары
Күчүндө · 25.11.2022 редакциясы
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 31 декабря 2019 года № 152
1. Корголуучу адамдарга карата төмөнкүдөй коопсуздук чараларынын бир эле учурда бир нечеси, болбосо бирөө колдонулушу мүмкүн:
1) жекече кайтаруу, турак жайын жана мүлкүн кайтаруу;
2) жекече коргоонун, байланыштын жана коркунуч тууралу кабарлоонун атайын каражаттарын берүү;
3) корголгон адам жөнүндө маалыматтардын купуялуулугун камсыз кылуу;
4) жашаган жерин башка жакка көчүрүү;
5) зарыл учурда ошондой эле корголуучу адамдын үй-бүлө мүчөлөрүнө карата колдонулуучу анкеталык маалыматтарды өзгөртүү менен документтерди алмаштыруу;
6) сырт түспөлүн өзгөртүү;
7) сотто чыгып сүйлөө учурунда алардын сырт түспөлүн маскировкалоо же кошумча визиуалдык изоляциялоо, ошондой эле соттук тергөөнүн жүрүшүндө анкеталык маалыматтарды жана башка маалыматтарды ачыкка чыгарбоо;
8) иштеген (кызмат ордун) же окуган жерин өзгөртүү;
9) убактылуу коопсуз жерге жайгаштыруу;
10) камакта кармалган же жазасын өтөө жеринде турган корголуучу адамга карата кошумча коопсуздук чараларын колдонуу, анын ичинде камакта кармалган же жазасын өтөп жаткан бир жерден экинчи жерге которуу.
2. Ушул Мыйзамдын 16-статьясында көрсөтүлгөн негиздер орун алганда корголуучу адамдарга карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка коопсуздук чаралары да колдонулушу мүмкүн.
3. Ушул статьянын биринчи бөлүгүнүн 4-7-пункттарында каралган коопсуздук чаралары оор жана өзгөчө оор кылмыштар жөнүндө жазык иштери боюнча гана жүзөгө ашырылат.
4. Ишти өндүрүшүнө алган орган жазык сот өндүрүшүнө катышуучулардын коопсуздук чараларын кошумча камсыз кылуу максатында төмөнкүлөргө укуктуу:
1) зомбулук же жазык мыйзамында тыюу салынган башка жосундарды жасоо коркунучун туудурган адамга карата анын кылмыш жоопкерчилигине тартылуусу мүмкүн экендиги тууралуу расмий эскертме берүүгө;
2) корголуучу адамга жакындоого тыюу салуу түрүндө жазык сот өндүрүшүн камсыз кылуу чарасын колдонууга.
(КР 2019-жылдын 31-декабрындагы № 152 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 25.11.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
6-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 31 декабря 2019 года № 152 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О защите прав свидетелей, потерпевших и иных участников уголовного судопроизводства"Редакцияларды салыштыруу
31.12.2019 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…оор кылмыштар жөнүндө жазык иштери боюнча гана жүзөгө ашырылат. кошулду: 4. Ишти өндүрүшүнө алган орган жазык сот өндүрүшүнө катышуучулардын коопсуздук чараларын кошумча камсыз кылуу максатында төмөнкүлөргө укуктуу: 1) зомбулук же жазык мыйзамында тыюу салынган башка жосундарды жасоо коркунучун туудурган адамга карата анын кылмыш жоопкерчилигине тартылуусу мүмкүн экендиги тууралуу расмий эскертме берүүгө; 2) корголуучу адамга жакындоого тыюу салуу түрүндө жазык сот өндүрүшүн камсыз кылуу чарасын колдонууга. (КР 2019-жылдын 31-декабрындагы № 152 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1961/st-6" title="6-статья - Жазык сот өндүрүшүнө катышуучулардын укуктарын коргоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>