Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
15-статья. Камакта кармалган же жазасын өтөө жеринде турган корголуучу адамдын коопсуздугун камсыз кылуу
Күчүндө · 25.11.2022 редакциясы
1. Камакта кармалган же жазасын өтөө жеринде турган, болбосо тартиптик аскердик бөлүктө турган корголуучу адамдын коопсуздугу ага карата ушул Мыйзамдын 6-статьясынын биринчи бөлүгүнүн 3, 5, 6, 8 жана 9-пункттарында каралган же Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексинде каралган башка чараларды колдонуу жолу менен камсыз кылынат.
2. Ушул статьянын 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн адамдын коопсуздугун камсыз кылуу максатында ошондой эле төмөнкүлөр колдонулушу мүмкүн:
1) корголуучу адамды жана зомбулук коркунучун туудурган адамды аларды кармап турууда, камакка алууда жана жазык жазаларын дайындоодо камакта кармоонун жана жазаны өтөөнүн ар башка жерлерине, анын ичинде Кыргыз Республикасынын башка областтарында жайгашкан жерлерге жөнөтүү;
2) корголуучу адамды же зомбулук коркунучун туудурган адамды камакта кармоонун же жазасын өтөөнүн бир жеринен экинчисине которуу;
3) корголуучу адамды жана зомбулук коркунучун туудурган адамды бөлөк-бөлөк кармоо;
4) корголуучу адамга Кыргыз Республикасынын жазык-процесстик мыйзамында каралган тартипте бөгөт коюу чарасын же жаза чарасын өзгөртүү.
Берененин тексти 25.11.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодексиКодекс · 31.01.2017 · № 17
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1961/st-15" title="15-статья - Жазык сот өндүрүшүнө катышуучулардын укуктарын коргоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>