Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
14-статья. Аскер кызматчысынын коопсуздугун камсыз кылуу
Күчүндө · 25.11.2022 редакциясы
1. Корголуучу адам болуп эсептелген аскер кызматчысынын коопсуздугу анын аскер кызматын өтөөсүнүн өзгөчөлүктөрү эске алынып, ушул Мыйзамдын 6-статьясында каралган коопсуздук чараларын колдонуу жолу менен камсыз кылынат.
2. Ошондой эле аскер кызматчысынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында төмөнкүлөр колдонулушу мүмкүн:
1) корголуучу адамды башка аскер бөлүгүнө, башка аскер мекемесине которуу;
2) корголуучу адамды аскер кызматын өтөөчү жаны жерге, анын ичинде мыйзамда аскер кызматы каралган аткаруу бийлигинин башка органынын аскер бөлүгүнө же аскердик мекемесине которуу (аткаруу бийлик органдарынын тийиштүү кызмат адамдарынын ортосундагы макулдашуу боюнча);
3) аскерге чакыруу боюнча аскердик кызматын өтөп жаткан, корголуучу адамга коркунуч туудуруусу мүмкүн болгон аскер кызматчысын башка аскер бөлүгүнө, башка аскердик мекемеге жөнөтүү же которуу.
3. Корголуучу адам болуп эсептелген аскер кызматчысын жөнөтүү же которуу жазуу жүзүндө билдирилген анын макулдугу менен жүзөгө ашырылат. Которуу учурунда аскер кызматчысы бирдей аскердик кызмат ордуна дайындалат. Ошол эле учурда аны негизги же бир профилдеги аскердик-эсептик адистиги боюнча пайдалануу камсыз кылынууга тийиш.
Берененин тексти 25.11.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1961/st-14" title="14-статья - Жазык сот өндүрүшүнө катышуучулардын укуктарын коргоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>