16-статья. Социалдык жактан коргоо чаралары
Күчүндө · 25.11.2022 редакциясы
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 25 ноября 2022 года № 109
1. Жазык сот өндүрүшүнө катышканына байланыштуу корголуучу адам курман болгон (өлгөн) учурда курман болгон (өлгөн) адамдын үй-бүлө мүчөлөрүнө жана анын багуусунда турган адамдарга мамлекеттик коргоону жүзөгө ашыруу жөнүндө чечим кабыл алган органдын токтому боюнча мамлекеттик бюджеттин каражатынын эсебинен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган өлчөмдө бир жолку жөлөкпул төлөнүп берилет жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте багуучусунан ажырагандыгы боюнча пенсия же ай сайынкы социалдык жөлөкпул дайындалат.
2. Корголуучу адамдын жазык сот өндүрүшүнө катышуусуна байланыштуу майыптыкка алып келген дене боюна залал келтирген же анын саламаттыгына башкача зыян келтирилген учурда ага мамлекеттик коргоону жүзөгө ашыруу жөнүндө чечим кабыл алган органдын токтому боюнча мамлекеттик бюджеттин каражатынын эсебинен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган өлчөмдө бир жолку жөлөкпул төлөнүп берилет жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте майыптуулугу боюнча пенсия же ай сайынкы социалдык жөлөкпул дайындалат.
3. Корголуучу адамга жазык сот өндүрүшүнө катышуусуна байланыштуу майыптыкка алып келбеген дене боюна залал келтирилген же саламаттыгына башка зыян келтирилген учурда мамлекеттик коргоону жүзөгө ашыруу жөнүндө чечим кабыл алган органдын токтому боюнча ага мамлекеттик бюджеттин каражатынын эсебинен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган өлчөмдө бир жолку жөлөкпул төлөнүп берилет.
4. Корголуучу адам жазык сот өндүрүшүнө байланыштуу курман болгон (өлгөн) учурда курман болгон (өлгөн) адамдын үй-бүлө мүчөлөрүнө жана анын багуусунда турган адамдарга, эгерде алар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык төлөнүүчү ар кандай бир жолку жөлөкпулдар алууга укуктуу болушса, тандап алуулары боюнча аларга бир жолку бир жөлөкпул дайындалат.
5. Бир эле учурда ар кандай бир жолку жөлөкпулдарды алууга укуктуу болгон корголуучу адамга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык дене боюна же саламаттыгына башка зыян келтирилген учурда алардын тандап алуулары боюнча бир жолку бир жөлөкпул дайындалат.
6. Ушул статьянын 1-5-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн бир жолку жөлөкпулдарды төлөп берүү тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
7. Жазык сот өндүрүшүнө байланыштуу корголуучу адамга келтирилген мүлктүк зыян мамлекеттик бюджеттин каражатынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка финансы булактарынын эсебинен толтурулууга, бул каражаттар кийин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте корголуучу адамга мүлктүк зыян келтирүүгө күнөөлүү адамдын каражаттарынан өндүрүп алынууга тийиш.
(КР 2022-жылдын 25-ноябрындагы № 109 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
III глава Мамлекеттик коргоону жүзөгө ашыруунун негиздери жана тартиби
Берененин тексти 25.11.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
16-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон Кыргызской Республики от 25 ноября 2022 года № 109 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере внутренних дел"Редакцияларды салыштыруу
25.11.2022 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…мамлекеттик бюджеттин каражатынын эсебинен Кыргыз Республикасынын алынып салынды: Өкмөтү кошулду: Министрлер Кабинети аныктаган өлчөмдө бир жолку жөлөкпул төлөнүп берилет жана Кыргыз … мамлекеттик бюджеттин каражатынын эсебинен Кыргыз Республикасынын алынып салынды: Өкмөтү кошулду: Министрлер Кабинети аныктаган өлчөмдө бир жолку жөлөкпул төлөнүп берилет жана Кыргыз … мамлекеттик бюджеттин каражатынын эсебинен Кыргыз Республикасынын алынып салынды: Өкмөтү кошулду: Министрлер Кабинети аныктаган өлчөмдө бир жолку жөлөкпул төлөнүп берилет.
4. Корголуучу … бир жолку жөлөкпулдарды төлөп берүү тартиби Кыргыз Республикасынын алынып салынды: Өкмөтү кошулду: Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
7. Жазык сот өндүрүшүнө байланыштуу корголуучу … келтирүүгө күнөөлүү адамдын каражаттарынан өндүрүп алынууга тийиш.
кошулду: (КР 2022-жылдын 25-ноябрындагы № 109 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
III глава
Мамлекеттик коргоону жүзөгө ашыруунун
негиздери жана тартиби
Берененин байланыштары
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1961/st-16" title="16-статья - Жазык сот өндүрүшүнө катышуучулардын укуктарын коргоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>