Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын «Кыргыз Республикасынын чектеринен сырткары түзүлгөн айрым шайлоо участкаларында добуш берүүнүн жыйынтыктарын жараксыз деп табуу жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2010-жылдын 28-октябры № 322 Кыргыз Республикасынын чектеринен сырткары түзүлгөн айрым шайлоо участкаларында добуш берүүнүн жыйынтыктарын жараксыз деп табуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын чектеринен сырткары түзүлгөн № 020 (Россия Федерациясы, Новосибирск ш.), № 022 (Украина, Киев ш.), № 029 (Германия Федеративдүү Республикасы, Берлин ш.), № 030 (Германия Федеративдүү Республикасы, Франкфурт на Майне ш.), № 033 (АКШ, Нью-Йорк ш.), № 038 (Улуу Британия, Лондон ш.), № 039 (Швецария, Женева ш.), № 043 (Иран, Тегеран ш.), № 044 (Бириккен Араб Эмираттары, Дубай ш.) шайлоо участкаларынан келип түшкөн шайлоо документтерин текшерүүнүн натыйжалары боюнча "Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Кодексинин 22-беренесинин 2-, 5-, 7-, 8-, 10-пункттарынын, 23-беренесинин 5-пунктунун, 40-беренесинин 3-, 4-пункттарынын талаптарын бузууларга жол берилген, алар шайлоочулардын добуш берүүлөрүнүн жыйынтыктарын так аныктоого мүмкүндүк берген жок. Көрсөтүлгөн шайлоо участкаларында берилген шайлоочулардын тизмелери номерленген эмес, боолонгон эмес жана чет өлкөлөрдөгү Кыргыз Республикасынын өкүлчүлүктөрүнүн жетекчилеринин колтамгасы жана мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн эмес экендиги аныкталды, ошондой эле шайлоочулар Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспортун көрсөтүүдө шайлоочулардын кошумча тизмесине киргизилген. Жогоруда баяндалгандардын негизинде, "Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Кодексинин 46-беренесинин 1-пунктун, 4-пунктунун а) пунктчасын, 5-пунктун, 45-беренесинин 10-пунктунун а) пунктчасын, 10-беренесинин 1-пунктунун 3-, 6-, 28-, 30-пунктчаларын, "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинин 1-пунктунун 1-, 3-, 4-пункттарын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы, ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын чектеринен сырткары түзүлгөн № 020 (Россия Федерациясы, Новосибирск ш.), № 022 (Украина, Киев ш.), № 029 (Германия Федеративдүү Республикасы, Берлин ш.), № 030 (Германия Федеративдүү Республикасы, Франкфурт на Майне ш.), № 033 (АКШ, Нью-Йорк ш.), № 038 (Улуу Британия, Лондон ш.), № 039 (Швейцария, Женева ш.), № 043 (Иран, Тегеран ш.), № 044 (Бириккен Араб Эмираттары, Дубай ш.) шайлоо участкаларында добуш берүүнүн жыйынтыктары жараксыз деп табылсын.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына шайлоочулардын тизмелерин түзүү үчүн жооптуу чет өлкөлөрдөгү Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жетекчилерине карата колдонуудагы мыйзамдарга ылайык тийиштүү чараларды кабыл алуу үчүн жөнөтүлсүн.
3. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын мүчөсү А.Ж.Баялиновго жүктөлсүн.
Төрага
А.Сариев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасындагы шайлоо Кодекси жөнүндөКодекс · 29.05.1999 · № 39 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндөЗакон · 14.03.1997 · № 14 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 27-декабрындагы № 338 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын ыйгарым укуктарын…Постановление · 27.12.2010 · № 338
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 141 "Адам укуктары чөйрөсүндө БУУнун эл аралык келишимдерин аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук баяндамалары жөнүндө" токтомуПостановление · 20.02.2012 · № 141 · Күчүн жоготкон