Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Кыргыз Республикасынын «Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу» мыйзамы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58 "Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2006-02-13.
КР 2017-жылдын 13-апрелиндеги № 58 Кодексине ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТТУ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Бишкек шаары, 2006-жылдын 13-февралы № 53
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу
1-статья. Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., N 2, 77-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 391-статьяда:
биринчи бөлүктүн биринчи абзацы "жашаган жери" деген сөздөрдөн кийин, "ошондой эле алар тарабынан аныкталган болуу мөөнөтү аякталгандан кийин өлкөдөн өз учурунда чыгып кетүүсү" деген сөздөр менен толукталсын. биринчи бөлүктүн экинчи абзацындагы "экиден бешке чейин" деген сөздөр "ондон жыйырмага чейин" деген сөздөр менен алмаштырылысын.
2. 508-статьянын биринчи бөлүгү "70-74" деген сандардан кийин "75-1" деген сан менен, "390," деген сандан кийин "391," деген сан менен толукталсын.
3. 524-статьянын биринчи бөлүгү төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык жактан коргоо боюнча мамлекеттик инспекциясынын органдары ушул Кодекстин 69, 75, 76-79-статьяларында каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндө ишти карашат."
2-статья. Ушул мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
К.Бакиев
2005-жылдын 19-декабрында
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (4)
- Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексКодекс · 04.08.1998 · № 114 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Буузуулар жөнүндө КодексиКодекс · 13.04.2017 · № 58 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 14-сентябрындагы № 615 "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоолорду киргизүү тууралуу"…Постановление · 14.09.2012 · № 615 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 30-августундагы № 598 "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 30.08.2012 · № 598 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын Буузуулар жөнүндө КодексиКодекс · 13.04.2017 · № 58 · Күчүн жоготкон