1-статья
Күчүн жоготкон · 13.02.2006 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58.
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., N 2, 77-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 391-статьяда:
биринчи бөлүктүн биринчи абзацы "жашаган жери" деген сөздөрдөн кийин, "ошондой эле алар тарабынан аныкталган болуу мөөнөтү аякталгандан кийин өлкөдөн өз учурунда чыгып кетүүсү" деген сөздөр менен толукталсын. биринчи бөлүктүн экинчи абзацындагы "экиден бешке чейин" деген сөздөр "ондон жыйырмага чейин" деген сөздөр менен алмаштырылысын.
2. 508-статьянын биринчи бөлүгү "70-74" деген сандардан кийин "75-1" деген сан менен, "390," деген сандан кийин "391," деген сан менен толукталсын.
3. 524-статьянын биринчи бөлүгү төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык жактан коргоо боюнча мамлекеттик инспекциясынын органдары ушул Кодекстин 69, 75, 76-79-статьяларында каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндө ишти карашат."
Берененин тексти 13.02.2006 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1841/st-1" title="1-статья - Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>