Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралу» Мыйзамы
Бишкек шаары
2006-жылдын 13-февралы № 38
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана
пайдалануу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамына толуктоолор жана өзгөртүүлөр
киргизүү тууралу
2005-жылдын 13-декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењеши тарабынан кабыл алынган
1-статья.
"Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин
Жарчысы, 2000-ж., № 1, 16-ст.) төмөндөгүдөй толуктоолор жана
өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 4-статьянын 2-пунктунун экинчи абзацы "байыркы буюмдар" деген
сөздөрдөн кийин "тыйындар," деген сөз менен толукталсын.
2. 9-статьянын бешинчи абзацы "эстеликтерди консервациялоо" деген
сөздөрдөн кийин ", калыбына келтирүү, оњдоо, музейлештирүү" деген
сөздөр менен толукталсын.
3. 30-статьяда:
- биринчи бөлүгү төмөндөгүдөй мазмундагы экинчи жана үчүнчү
сүйлөмдөр менен толукталсын:
"Республикалык маанидеги корук аймактарынын объекттеринин долбоор-
лору эстеликтерди коргоо чөйрөсүндөгү адистешкен илимий-долбоорлоо уюму
тарабынан иштелип чыгат жана маданиятты башкаруунун мамлекеттик борбор-
дук органы тарабынан бекитилет. Эларалык маанидеги корук аймактарынын
объекттеринин долбоорлору маданиятты башкаруунун мамлекеттик борбордук
органынын сунуштамасы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан
бекитилет.";
- биринчи бөлүктүн экинчи сүйлөмү төртүнчү сүйлөм деп эсептелсин;
- экинчи бөлүктүн биринчи сүйлөмү алып салынсын;
- үчүнчү бөлүк төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"Эстеликтердин корук аймактарынын жана ар бир тарыхый, археология-
лык, архитектуралык жана шаар куруу эстеликтеринин долбоорлору өзүнчө
иштелип чыгат жана бекитилет. Калк конуштарынын башкы пландарын иштеп
чыгууда аларга эстеликтерди коргоонун бекитилген аймактары кошулат.".
4. 33-статьяда:
- биринчи бөлүгү "археология" деген сөздөн кийин ", суу алдындагы"
деген сөз менен толукталсын;
- статья төмөндөгүдөй мазмундагы экинчи бөлүк менен толукталсын:
"Андан ары сактоону жана пайдаланууну талап кылуучу объектилердеги
археологиялык казуулар үчүн Ачык барак археологиялык изилдөөлөр-консер-
вациялоо, калыбына келтирүү жана музейлештирүүнү аяктагандан кийин эла-
ралык стандарттарга ылайык коргоо чараларынын толук комплексин жүргүзүү
үчүн финансы кепилдиги болгон учурда гана каттоого алынат.";
- экинчи-төртүнчү бөлүктөр тийиштүүлүгүнө жараша үчүнчү-бешинчи
бөлүктөр деп эсептелсин;
- үчүнчү бөлүк төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"Археологиялык, анын ичинде суу алдындагы иштерди ээнбаш жүргүзүү
мыйзамсыз деп таанылат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык
жазаланат.
5. 35-статья төмөндөгүдөй мазмундагы экинчи бөлүк менен толуктал-
сын:
"Өзгөчө учурларда аларга "улуттук" деген статус берилиши мүмкүн.".
6. 37-статьядагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитил-
ген атайын жобо менен аныкталат" деген сөздөр "атайын мыйзам менен
жөнгө салынат" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2-статья.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын
ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
3-статья.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндөЗакон · 26.07.1999 · № 91
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 25-августундагы №614 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 20-августундагы № 568 "Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий…Постановление · 25.08.2006 · № 614
- КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 31-январындагы №65 "Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөрүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү…Постановление · 31.01.2012 · № 65 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (1)
- Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндөЗакон · 26.07.1999 · № 91