Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 20-августундагы № 568 „Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурас объекттерин эсепке алуу, коргоо, реставрациялоо жана пайдалануу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу“ токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтому
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 25-августу № 614
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын
20-августундагы № 568 "Кыргыз Республикасынын
тарыхый-маданий мурас объекттерин эсепке алуу,
коргоо, реставрациялоо жана пайдалануу
жөнүндө жобону бекитүү тууралуу"
токтомуна өзгөртүүлөрдү жана
толуктоолорду киргизүү жөнүндө
"Тарыхый-маданий мурасты коргоо жана пайдалануу жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү ту-
уралуу" Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 13-февралындагы № 38 Мыйза-
мына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 20-августундагы № 568
"Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурас объекттерин эсепке алуу,
коргоо, реставрациялоо жана пайдалануу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу"
токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурас
объекттерин эсепке алуу, коргоо, реставрациялоо жана пайдалануу жөнүндө
жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- 3.5-пунктунда:
биринчи абзацы төмөнкүдөй мазмундагы экинчи жана үчүнчү сүйлөмдөр
менен толукталсын:
"Республикалык маанидеги объекттердин корголуучу зоналарынын дол-
боорлорун эстеликтерди коргоо чөйрөсүндө адистешкен долбоорлоочу уюм
түзөт жана маданиятты башкаруучу борбордук мамлекеттик органда бекити-
лет. Эл аралык маанидеги объекттердин корголуучу зоналарынын долбоорло-
рун Кыргыз Республикасынын Өкмөтү маданиятты башкаруучу борбордук мам-
лекеттик органдын сунушу боюнча бекитет.";
экинчи абзацы алып салынсын;
- 3.6-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3.6. Эстеликтердин корголуучу зоналарынын долбоорлору тарыхый,
археологиялык жана имарат куруунун ар бир эстелигине өзүнчө иштелип чы-
гат жана бекитилет. Башкы пландарды, деталдуу пландоонун, жолдорду, кө-
пүрөлөрдү салуунун жана калктуу конуштарды куруунун долбоорлорун түзүү-
дө аларга эстеликтерди коргоонун бекитилген зоналары киргизилет.";
- 3.10-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толуктал-
сын:
"Өзгөчө учурларда аларга "улуттук" деген статус берилиши мүмкүн.";
- 3.24-пунктта:
биринчи абзацы "археология" деген сөздөн кийин ", анын ичинде суу
астындагы" деген сөздөр менен толукталсын;
үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Андан аркы сактоону жана пайдаланууну талап кылган объекттерде
археологиялык казуу жүргүзүү үчүн ачылган барактар археологиялык изил-
дөө бүткөндөн кийин коргоо чараларынын толук комплексин жүргүзүү: эл
аралык стандарттарга ылайык консервациялоо, реставрациялоо жана музейге
айландыруу үчүн финансылык гарантиялар болгондо гана катталат. Археоло-
гиялык жумуштарды, анын ичинде суу астындагыларын уруксатсыз жүргүзүү
мыйзамсыз деп табылат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык
жазаланат".
Премьер-министр Ф.Кулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (3)
- Положение об учете, охране, реставрации и использовании объектов историко-культурного наследия (утверждено постановлением Правительства Кыргызской Республики от 20 августа 2002…Положение · 20.08.2002 · № 568
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 20-августундагы № 568 "Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурас объекттерин эсепке алуу, коргоо, реставрациялоо жана пайдалануу…Постановление · 20.08.2002 · № 568
- Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралуЗакон · 13.02.2006 · № 38
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндөЗакон · 26.07.1999 · № 91