Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Ɵкмɵтүнүн «Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөрүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2012-01-31.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 31-январы №65 "Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөрүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын аймагында табигый-маданий мурастардын объектилерин коргоо жана пайдалануу жаатындагы укуктук нормаларды регламенттеген ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөрүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине кароого жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын маданият жана туризм министри аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри
Ө.Бабанов
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөрүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
1-берене.
"Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 2000-ж., № 1, 16-6.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. Мыйзамдын преамбуласы төмөндөгү мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын:
"Маданий мурастардын объектилери Кыргыз Республикасынын көп улуттуу бүткүл эли үчүн уникалдуу байлык болуп эсептелет".
2. 11-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Уюштуруу-укуктук жана менчигинин түрлөрүнө карабастан юридикалык жактар жана жарандар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тарыхый-маданий мурастарды коргоодо, пайдаланууда жана жайылтууда мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана илимий мекемелерге көмөк көрсөтүшөт.".
3. 21-берене төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"21-берене. Тарыхый-маданий мурастардын объектилеринин мамлекеттик эсебин уюштуруу Кыргыз Республикасынын кыймылсыз тарыхый-маданий мурас объектилери жөнүндө маалыматтар республикалык маанидеги Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурастарынын объектилеринин тизмесине киргизилет. Тизмени жүргүзүүнүн тартиби жана Тизмени жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат. Тизме тарыхый-маданий мурас объектисинин атын, Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурас объектилеринин турган жерин, тизмеге киргизилген датасын, изилденген даражасын, абалын, өлчөмүн, менчиктик формасын, аймактык чек арасын, ошондой эле коргоо зоналары жөнүндөгү маалымат тутумунан турат. Тизмеге кирген тарыхый-маданий мурас объектинин ээсине Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу боюнча мамлекеттик органы (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) тарабынан Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурас объектисине паспорт (мындан ары - Паспорт) берилет. Паспортко тарыхый-маданий мурас объектилерин коргоого тиешелүү маалыматтар киргизилет (объектинин түрү, турган аймагынын чектери, фотокөрүнүшү, тарыхый-маданий мурас объектилеринин ээси жөнүндө, тарыхый-маданий мурас объекттин пайдалануучулар жөнүндө маалыматтар, жер участогунун ээси жана жер участогун пайдалануучулар жөнүндө маалыматтар, ошондой эле тарыхый-маданий мурас объекти жайгашкан жер участогун пайдалануунун укуктук режими жөнүндө маалыматтар). Паспорттун сүрөттөлүшү жана аны тариздөөнүн, берүүнүн тартиби жана Паспорт жөнүндө жобо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет. Тарыхый-маданий мурастардын кыймылсыз объектилери, же суу объектилеринин участоктору менен сатуу-сатып алуу иштерин жүргүзүүдө, алардын чегинде археологиялык объектилер болсо, Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурас объектилеринин паспорту кыймылсыз мүлккө укукту жана аны менен бүтүмдөрү мамлекеттик каттоону жүргүзө турган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга милдеттүү түрдө көрсөтүлүүчү документтердин бири болуп саналат".
4. 22-берене:
- төмөнкүдөй мазмундагы 1-бөлүк менен толукталсын:
"Эстеликтерди коргоону жана аларды натыйжалуу эсепке алууну уюштуруу максатында алар эл аралык, республикалык жана жергиликтүү маанидеги эстеликтер болуп бөлүнөт.".
5. 23-берене төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"23-берене. Мамлекеттик тарыхый-маданий экспертиза Мамлекеттик тарыхый-маданий экспертиза төмөндөгү максаттарда жүргүзүлөт:
- маданий мурастардын объектилерин Тарыхый-маданий мурастардын тизмесине киргизүүгө негиздеме даярдоо;
- маданий мурастардын объектилеринин тарыхый-маданий маанисинин категориясын аныктоо;
- маданий мурастардын объектилеринин тарыхый-маданий маанисинин категориясынын өзгөрүшүн негиздөө;
- тарыхый-маданий мурас объектилеринин коргоо зоналарынын шаар курулуш документтеринин, долбоорлоонун, ошондой эле жер, курулуш, мелиоративдик жана чарбалык иштердин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тарыхый-маданий объектилерин коргоонун талаптарына туура келишин аныктоо;
- тарыхый-маданий мурастар объектисин Кыргыз Республикасынын өзгөчө баалуу маданий мурастарынын объектиси катары аныктоо.
Тарыхый-маданий экспертиза жүргүзүү үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан эксперттик комиссия (мындан ары - Комиссия) түзүлөт, анын курамына окумуштуулар, адистер, маданият жана искусство ишмерлери, мамлекеттик органдардын, чыгармачыл кошундардын жана башка коомдук бирикмелердин өкүлдөрү кирет. Тарыхый-маданий мурас объектилерине тарыхый-маданий экспертиза жүргүзүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет. Тарыхый-маданий экспертиза шаар курулушунун регламенти бекитилгенге жана тарыхый-маданий эстеликтердин сакталышына түз жана кыйыр түрдө таасир эткен, же аларды коргоо эрежесин бузган жерди даярдоо, жер иштери, курулуш, мелиоративдик жана чарбалык иштер башталганга чейин жүргүзүлөт. Тарыхый-маданий экспертиза жүргүзүү иштери бул иштерди жүргүзүүнү заказ кылгандар тарабынан төлөнөт. Республикалык маанидеги тарыхый-маданий мурастардын объектилерине тарыхый-маданий экспертизаларды жүргүзүү боюнча иштерине акы төлөөнүн өлчөмүн аныктоонун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат. Тарыхый-маданий экспертизанын объектилери болуп төмөндөгүлөр эсептелет:
- ушул Мыйзамга ылайык маданий мурас объектисинин белгилери бар объектилер;
- чарбалык жактан өздөштүрүлө турган жер участоктору;
- маданий мурастардын объектилерин Тарыхый-маданий мурастардын объектилеринин тизмесине киргизүүгө негиздеген документтер жана материалдар;
- маданий мурастардын объектилеринин тарыхый-маданий маанисинин категорияларынын өзгөрүшүн негиздеген документтер жана материалдар;
- маданий мурастардын объектилерин тарыхый-маданий коруктарга, Кыргыз Республикасынын өзгөчө баалуу тарыхый-маданий мурас объектилерине, же бүткүл дүйнөлүк маданият жана жаратылыш мурастарынын объекттерине киргизүүнү негиздеген документтер жана материалдар.".
6. 29-берененин 1-бөлүгү "эстеликтерди коргоо боюнча" деген сөздөрдөн кийин "5 жылдык мөөнөткө" деген сөздөр менен толукталсын.
7. 33-беренеде:
- 1-бөлүк "Талаачылык комитети" деген сөздөрдөн кийин "бир жылдан ашык эмес мөөнөттө иштин белгилүү бир түрүн жүргүзүү укугу" деген сөздөр менен толукталсын;
- 4-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Археологиялык талаачылык иштерин өткөргөн жеке жана юридикалык жактар иштерди аткаргандан баштап үч жылдын ичинде (материалдарды иштеп чыккандан кийин жана жарыялоого даярдагандан кийин) табылган маданий баалуулуктарды Кыргыз Республикасынын мамлекеттик музей фондусуна туруктуу сактоого өткөрүп берүүгө милдеттүү.".
8. 34-берене төмөнкүдөй мазмундагы 3-5-бөлүктөр менен толукталсын:
"Тарыхый-маданий мурас объектилерин сактоо боюнча иштер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт. Тарыхый-маданий объектилерди сактоо боюнча иштерди жүргүзүү үчүн долбоордук документтерди иштеп чыгуучу жеке жана юридикалык жактар бул объектилерде илимий жетекчиликти, техникалык жана автордук көзөмөлдү жүргүзүшөт. Тарыхый-маданий мурастын объектилерин сактоо боюнча иштерди аяктагандан кийин илимий жетекчиликти жүргүзгөн жеке жана юридикалык жактар отчеттук документтерди, анын ичинде аткарылган иштер жөнүндө илимий отчетту, үч айлык мөөнөттүн ичинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга тапшырат.".
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
3-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Кыргыз Республикасынын "Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө" Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтомунун долбооруна МААЛЫМКАТ-НЕГИЗДЕМЕ
Кыргыз Республикасынын аймагында тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу тармагындагы ченемдик-укуктук базаны өркүндөтүү максатында Кыргыз Республикасынын 26.06.99 № 91 "Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө" Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын 13.02.06 № 38 редакциядагы) өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү сунушталууда. Аракеттеги Кыргыз Республикасынын "Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө" 1999-жылы чыккан Мыйзам республикадагы кийинки жылдардагы экономикалык, коомдук жана маданий өзгөрүүлөрдү камтый албай калды. Ошондой эле тарыхый-маданий мурастарды коргоо, пайдалануу, кайрадан калыбына келтирүү жана консервациялоодогу дүйнөлүк тенденцияны эске алуу менен бул тармакта Кыргыз Республикасынын жана КМШ өлкөлөрүнүн ченемдик укуктук документтеринде өзгөрүүлөр болду. Кыргыз Республикасынын "Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө" Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча долбоорду иштеп чыгуунун зарылчылыгы тарыхый-маданий мурастар боюнча бири-бири менен байланыштуу, эффективдүү эсеп жүргүзүүнүн, коргоонун, пайдалануунун тартипке келтирүүчү тутумун түзүү болуп эсептелет, булар:
- тарыхый-маданий объектилерди тарыхый-маданий мурастардын Тизмесине киргизүүнүн тартиби жана аларды паспорттоштуруу;
- Мамлекеттик органдар менен тарыхый-маданий мурастарга ээлик укуктары бар субъектилердин ортосундагы укук мамилелери;
- тарыхый-маданий мурастардын объектилерин мамлекеттик тарыхый-маданий экспертизадан өткөрүү;
- тарыхый-маданий мурастарга археологиялык чалгындоолорду жана казууларды, кайрадан калыбына келтирүүлөрдү, консервацияларды жана ремонтторду жүргүзгөн, юридикалык жана жеке жактардын мамлекеттик органдардын алдындагы отчетторунун тартиби.
Киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолор Кыргыз Республикасынын "Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө" Мыйзамынын сапатын жогорулатат жана тарыхый-маданий мурастардын объектилеринин сакталышын камсыз кылат.
Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министри
Н.Шакиев
"Кыргыз Республикасынын "Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө" Мыйзамына өзгөрүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Мыйзамынын долбооруна САЛЫШТЫРМА ТАБЛИЦА
| № п/п | Мыйзамдын аракеттеги редакциясы | Киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолор | Өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизгенден кийин |
|---|---|---|---|
| 1 | Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын аймагындагы тарыхый-маданий мурас объекттерин коргоо жана пайдалануу жагындагы укуктук ченемдерди белгиленет Мыйзам бардык юридикалык жана жеке жактар үчүн милдеттүү, тарыхый-маданий мурас объекттерин коргоо жана пайдалануу жагындагы алардын укуктарын жана милдеттерин аныктайт. | 1. Мыйзамдын преамбула төмөндөгү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын: "Маданий мурастардын объектилери Кыргыз Республикасынын көп улуттуу бүткүл эли үчүн уникалдуу байлык болуп эсептелет". | Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын аймагындагы тарыхый-маданий мурас объекттерин коргоо жана пайдалануу жагындагы укуктук ченемдерди белгилейт. Маданий мурастардын объектилери Кыргыз Республикасынын көп улуттуу элинин уникалдык байлыктары болуп эсептелет. Мыйзам бардык юридикалык жана жеке жактар үчүн милдеттүү, тарыхый-маданий мурас объектилерин коргоо жана пайдалануу жаатындагы алардын укуктарын жана милдеттерин аныктайт. |
| 2 | 11-берене. Тарыхый- маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу ишине илимий мекеме- лердин, окуу жайларынын жана музейлер- дин, коомдук уюмдардын жана бирикме- лердин, ишканалар- дын жана жарандар- дын катышуусу Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы, илимий мекемелер, окуу жайлары жана музейлер өз эсебинен, кошумча алынган каражаттардын эсебинен тарыхый-маданий мурас объекттеринде илимий-иликтөө иштерин жүргүзүшөт, эстеликтердин илимий баасын аныктоо жагында эксперттер катары чыгышат, өздөрүнүн илмий иликтөө пландарында жана окуу программаларында тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу маселелерин изилдөөнү жана окутууну караштырышат. Тарых жана маданий эстеликтерин коргоонун Кыргыз Республикалык коому жана анын жер-жерлердеги органдары, коомдук уюмдар жана бирикмелер, ар кандай менчик түрлөрүндөгү ишканалар жана жарандар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, ошондой эле өздөрүнүн уставдарына жана жоболоруна ылайык тарыхый-маданий мурастарды коргоодо жана пайдаланууда мамлекеттик органдарга, жана илимий мекемелерге, жергиликтүү бийлик органдарына көмөк көрсөтүшөт, тарых жана маданият эстеликтеринин сакталышына жана пайдаланылышына коомдук контролдукту жана жетектөөнү уюштурушат, калк арасында түшүндүрүүчү жана пропагандалоочу ишти жүргүзүшөт. | 11-берененин экинчи бөлүгү төмөндөгүдөй редакцияда берилсин: "Юридикалык жактар уюштуруу-укуктук жана менчиктик формаларына карабастан жана жарандар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тарыхый-маданий мурастарды коргоодо жана пайдаланууда, популяризациялоодо мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана илимий мекемелерге көмөк көрсөтүшөт". | 11-берене. Тарыхый- маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу иштерине илимий мекеме- лердин, окуу жайларынын жана музейлер- дин, коомдук уюмдардын жана бирикме- лердмн, ишкана- лардын жана жарандар- дын катышуусу Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы, илимий мекемелер, окуу жайлары жана музейлер өз эсебинен, кошумча алынган каражаттардын эсебинен тарыхый-маданий мурас объектилеринде илимий-иликтөө иштерин жүргүзүшөт, эстеликтердин илимий баасын аныктоо жагында эксперттер катары чыгышат, өздөрүнүн илимий иликтөө пландарында жана окуу программаларында тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу маселелерин изилдөөнү жана окутууну караштырышат. Юридикалык жактар уюштуруу-укуктук жана менчикти формаларына карабастан жана жарандар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тарыхый-маданий мурастарды коргоодо жана пайдаланууда, популяризациялоодо мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана илимий мекемелерге көмөк көрсөтүшөт. |
| 3 | 21-берене. Тарыхый- маданий мурас объектте- рин мамлекет- тик эсепке алууну уюштуруу [Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан тарыхый-маданий мурас объекттери, кимдин менчигинде болгонуна карабастан, мамлекеттик эсепке алынууга тийиш. Жеке менчик болуп саналган турак жай имараттары менчик ээсинин макулдугу менен мамлекеттик эсепке алынат. Эсепке алууну жана коргоону натыйжалуу уюштуруу максатында эстеликтер эл аралык, республикалык жана жергиликтүү маанидеги эстеликтерге бөлүнөт. Тарыхый, илимий, көркөмдүк же башка маданий дөөлөттөргө жаткан жаңы табылган объекттер, аларды мамлекеттик эсепке алуу жөнүндө маселе чечилгенге чейин, тарыхый-маданий мурас объекттеринин тизмесине киргизилген эстеликтер катары коргоого алынууга тийиш.] | 21-берене төмөндөгү- дөй редакцияда берилсин: 21-берене. Тарыхый- маданий мурастар- дын объекти- леринин мамлекет- тик эсебин уюштуруу Кыргыз Республикасынын кыймылсыз тарыхый-маданий мурас объектилери жөнүндөгү маалыматтар республикалык маанидеги Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурастарынын объектилеринин тизмесине киргизилет. Тизмени жүргүзүүнүн тартиби жана Тизмени жүргүзүүгө укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат. Тизме тарыхый-маданий мурас объектисинин атын, турган жерин, тизмеге киргизилген датасын, изилденген даражасын, абалын, ченемин, менчиктик формасын, аймактык чек арасын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурас объектилеринин коргоо зоналары жөнүндөгү маалымат тутумунан турат. Тизмеге кирген тарыхый-маданий мурас объектинин ээсине эстеликтерди коргоо боюнча мамлекеттик орган тарабынан Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурас объектисинин Паспорту (мындан ары - Паспорт) берилет. Паспортко тарыхый-маданий мурас объектилерин коргоого тиешелүү маалыматтар киргизилет (объектинин түрү, турган аймагынын чектери, фотокөрүнүшү, ээси жөнүндө маалыматтар, объектини пайдалануучулардын маалыматтары, жер аянтынын ээси жана жерди пайдалануучулар жөнүндө маалыматтар, ошондой эле жерди пайдалануунун укуктук режими ж. б. маалыматтар). Паспорттун формасы жана аны берүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет. Тарыхый-маданий мурастардын кыймылсыз объектилери, же суу объектилеринин аянтчалары менен сатуу-сатып алуу иштерин жүргүзүүдө, алардын чегинде археологиялык объектилер болсо, Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурас объектилеринин Паспорту мамлекеттик каттоону жүргүзө турган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга сөзсүз түрдө көрсөтүлүүчү негизги документтердин бири болуп саналат". | 21-берене. Тарыхый- маданий мурастарды объектиле- ринин мамлекет- тик эсебин уюштуруу Кыргыз Республикасынын кыймылсыз тарыхый маданий мурас объектилери жөнүндөгү маалыматтар республикалык маанидеги Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурастарынын объектилеринин тизмесине киргизилсе Тизмени жүргүзүүнүн тартиби жана Тизмени жүргүзүүгө укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат. Тизме тарыхый-маданий мурас объектисинин атап турган жерин, тизмеге киргизилген датасын, изилдеш даражасын, абалын, ченемин, менчиктик формасын, аймактык чек арасын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурас объектилеринин коргоо зоналары жөнүндөгү маалымат тутумунан турат. Тизмеге кирген тарыхый-маданий мурас объектинин ээсине эстеликтерди коргоо боюнча мамлекеттик орган тарабынан Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурас объектисинин Паспорту (мындан ары - Паспорт) берилет. Паспортко тарыхый-маданий мурас объектилерин коргоого тиешелүү маалыматтар киргизилет (объектинин түрү, турган аймагынын чектери, фотокөрүнүшү, ээси жөнүндө маалыматтар) объектини пайдалануучулардын маалыматтары, жер аянтынын ээси жана жерди пайдалануучулар жөнүндө маалыматтар ошондой эле жерди пайдалануунун укуктук режими ж. б. маалыматтар). Паспорттун формасы жана аны берүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет. Тарыхый-маданий мурастардын кыймылсыз объектилери же суу объектилеринин аянтчалары менен сатуу-сатып алуу иштерин жүргүзүүдө, алардын чегинде археологиялык объектилер болсо, Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурас объектилеринин Паспорту мамлекеттик каттоону жүргүзө турган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга сөзсүз түрдө көрсөтүлүүчү негизги документтердин бири болуп саналат". |
| 4 | 22-берене. Тарыхый- маданий мурас объект- теринин тизмесин бекитүү- нүн тартиби Бүткүл дүйнөлүк мурас тизмесине киргизүү үчүн көрсөтүлгөн эстеликтердин тизмеси белгиленген тартипте компетенттүү илимий экспертизадан өткөндөн кийин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурас комитетине жана башка эл аралык уюмдарга сунуш кылынат. Эл аралык маанидеги тарых жана маданият эстеликтеринин тизмеси эл аралык ченемдердин талаптарына ылайык эстеликтерди коргоо боюнча мамлекеттик орган тарабынан түзүлөт. Республикалык маанидеги тарых жана маданият эстеликтеринин тизмесин эстеликтерди коргоо боюнча мамлекеттик органдын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитет. Жергиликтүү маанидеги тарых эстеликтеринин тизмесин эстеликтерди коргоо боюнча аймактык органдардын эстеликтерди коргоо боюнча мамлекеттик орган менен макулдашылган сунушу боюнча [жергиликтүү бийлик органдары] бекитет. | 22-берене: - төмөндөгүдөй мазмундагы биринчи бөлүк менен толукталсын: "Эстеликтерди коргоо жана алардын эсебин эффективдүү уюштуруу максатында алар эл аралык, республикалык жана жергиликтүү маанидеги эстеликтер болуп бөлүнөт". | 22-берене. Тарыхый- маданий мурас объект- тилеринин тизмесин бекитүүнүн тартиби Эстеликтерди коргоо жана алардын эсебин эффективдүү уюштуруу максатында алар эл аралык, республикалык жана жергиликтүү маанидеги эстеликтер болуп бөлүнөт. Бүткүл дүйнөлүк мурас тизмесине киргизүү үчүн көрсөтүлгөн эстеликтердин тизмеси белгиленген тартипте компетенттүү илимий экспертизадан өткөндөн кийин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурас комитетине жана башка эл аралык уюмдарга сунуш кылынат. Эл аралык маанидеги тарых жана маданият эстеликтеринин тизмеси эл аралык ченемдердин талаптарына ылайык эстеликтерди коргоо боюнча мамлекеттик орган тарабынан түзүлөт. Республикалык маанидеги тарых жана маданият эстеликтеринин тизмесин эстеликтерди коргоо боюнча мамлекеттик органдын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитет. Жергиликтүү маанидеги тарых эстеликтеринин тизмесин эстеликтерди коргоо боюнча аймактык органдардын эстеликтерди коргоо боюнча мамлекеттик орган менен макулдашылган сунушу боюнча жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары бекитет. |
| 5 | [23-берене. Эстелик- терди коргоо боюнча мамлекет- тик органдын атайын комиссия- сын түзүү Тарыхый-маданий дөөлөттөрдү тарых жана маданият эстеликтери катары таануу, ошондой эле алардын статусун өзгөртүү жөнүндө корутунду даярдоо үчүн эстеликтерди коргоо боюнча мамлекеттик орган тарабынан курамына окумуштуулар, адистер, маданият жана искусство ишмерлери, чыгармачыл бирликтердин жана башка коомдук бирикмелердин өкүлдөрү кирген атайын комиссиялар түзүлөт.] | 23-берене төмөндөгү- дөй редакцияда берилсин: "23-берене. Мамлекеттик тарыхый-маданий экспертиза Мамлекеттик тарыхый-маданий экспертиза төмөндөгү максаттарда жүргүзүлөт: - маданий мурастардын объектилерин тарыхый-маданий мурастардын тизмесине киргизүүгө негиздеме даярдоо; - маданий мурастардын объектилеринин тарыхый-маданий маанисинин категориясын аныктоо; - маданий мурастардын объектилеринин тарыхый-маданий маанисинин категориясынын өзгөрүшүнө негиздеме; - шаар курулуш, долбоорлоо документтеринин тарыхый-маданий мурас объектилерин коргоо зоналарынын, ошондой эле жер, курулуш, мелиоративдик жана чарбалык курулуштардын Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен бекитилген тарыхый-маданий объектилерин коргоо талаптарына туура келишин аныктоо; - тарыхый-маданий мурастар объектисинен Кыргыз Республикасынын өзгөчө, баалуу маданий мурастардын объектисин аныктоо. Тарыхый-маданий экспертиза жүргүзүү үчүн эстеликтерди коргоо боюнча Мамлекеттик орган тарабынан эксперттик комиссия (мындан ары - Комиссия) түзүлөт, анын курамына окумуштуулар, адистер, маданият жана искусство ишмерлери, мамлекеттик органдардын, чыгармачыл кошундардын жана башка коомдук бирикмелердин өкүлдөрү кирет. Тарыхый-маданий мурас объектилерине тарыхый-маданий экспертиза жүргүзүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет. Тарыхый-маданий экспертиза шаар курулушунун регламенти бекитилгенге жана тарыхый-маданий эстеликтердин сакталышына түз жана кыйыр түрдө таасир этип, аларга зыян алып келүү коркунучун туудурган , же аларды коргоо эрежесин бузуучу жерди даярдоо, жер иштери, курулуш, мелиоративдик жана чарбалык иштер башталганга чейин жүргүзүлөт. Тарыхый-маданий экспертиза жүргүзүү иштери бул иштерди жүргүзүүнү заказ кылгандар тарабынан төлөнөт. Республикалык маанидеги тарыхый-маданий мурастардын объектилерине тарыхый-маданий экспертизаларды жүргүзүү иштерине төлөөнүн ченемин аныктоонун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат. Тарыхый-маданий экспертизанын объектилери болуп төмөндөгүлөр эсептелет: - ушул Мыйзамга ылайык маданий мурас объектисинин белгилери бар объектилер; - чарбалык жактан өздөштүрүүгө жата турган жер аянтчалары; - маданий мурастардын объектилерин тарыхый-маданий мурастардын тизмесине киргизүүгө негиздеген документтер жана материалдар; - маданий мурастардын объектилеринин категорияларынын өзгөрүшүн негиздеген документтер жана материалдар; - маданий мурастардын объектилерин маданий коруктарга. Кыргыз Республикасынын өзгөчө баалуу тарыхый-маданий мурас объектилерине, же Бүткүл дүйнөлүк маданият жана жаратылыш мурастарына киргизүүнү негиздеген документтер жана материалдар". | 23-берене. Мамлекет- тик тарыхый- маданий экспертиза Мамлекеттик тарыхый-маданий экспертиза төмөндөр максаттарда жүргүзүлөт: - маданий мурастардын объектилерин тарыхый-маданий мурастардын тизмесине киргизүүгө негиздеме даярдоо; - маданий мурастардын объектилеринин тарыхый-маданий маанисинин категориясын аныктоо; - маданий мурастардын объектилеринин тарыхый-маданий маанисинин категориясынын өзгөрүшүнө негиздеме; - шаар курулуш, долбоорлоо документтеринин тарыхый-маданий мурас объектилерин коргоо зоналарынын ошондой эле жер, курулуш, мелиоративдик жана чарбалык курулуштардын Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктуу актылары менен бекитилген тарыхый-маданий объектилерин коргоо талаптарына туура келишин аныктоо; - тарыхый-маданий мурастар объектисинен Кыргыз Республикасынын өзгөчө, баалуу маданий мурастардын объектисин аныктоо. Тарыхый-маданий экспертиза жүргүзүү үчүн эстеликтерди коргоо боюнча Мамлекеттик орган тарабынан эксперттик комиссия (мындан ары - Комиссия) түзүлөт, анын курамына окумуштуулар, адистер, маданият жана искусство ишмерлери, мамлекеттик органдардын, чыгармачыл, кошундардын жана башка коомдук бирикмелердин өкүлдөрү кирет. Тарыхый-маданий мурас объектилерине тарыхый-маданий экспертиза жүргүзүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет. Тарыхый-маданий экспертиза шаар курулушунун регламенти бекитилгенге жана тарыхый-маданий эстеликтерди сакталышына түз жана кыйыр түрдө таасир этип, аларга зыян алып келүү коркунучун туудурган, же аларды коргоо эрежеси бузуучу жерди даярдоо, жер иштери, курулуш, мелиоративдик жана чарбалык иштер башталганга чейин жүргүзүлөт. Тарыхый-маданий экспертиза жүргүзүү иштери бул иштерди жүргүзүүнү заказ кылгандар тарабынан төлөнөт Республикалык маанидеги тарыхый-маданий мурастардын объектилерине тарыхый-маданий экспертизаларды жүргүзүү иштерине төлөөнүн ченемин аныктоонун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат. Тарыхый-маданий экспертизанын объектилери болуп төмөндөгүлөр эсептелет: - ушул Мыйзамга ылайык маданий мурас объектисинин белгилери бар объектилер: - чарбалык жактап өздөштүрүүгө жата турган жер аянтчалары; - маданий мурастардын объектилерин тарыхый-маданий мурастардын тизмесине киргизүүгө негиздеген документтер жана материалдар; - маданий мурастардын объектилеринин категорияларынын өзгөрүшүн негиздеген документтер жана материалдар; - маданий мурастардын объектилерин маданий коруктарга, Кыргыз Республикасынын өзгөчө баалуу тарыхый-маданий мурас объектилерине, же Бүткүл дүйнөлүк маданий жана жаратылыш мурастарына киргизүүнү негиздеген документтер жана материалдар. |
| 6 | 29-берене. Юридикалык жана жеке жактарга тарыхый- маданий мурас объект- терин пайлала- нууга берүү тартиби Тарыхый-маданий мурас объекттерин юридикалык жана жеке жактарга пайдаланууга берүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Мыйзамда аныкталган тартипте [эстеликтерди коргоо боюнча] мамлекеттик органдын чечими боюнча ишке ашырылат. Тарых жана маданият эстеликтери болгон архитектуралык курулуштар же алардын бөлүктөрү юридикалык жана жеке жактардын пайдалануусуна, эстеликтерди коргоо боюнча мамлекеттик орган менен алдын-ала макулдаштык боюнча жергиликтүү бийлик органдарынын чечими менен берилет. Юридикалык жана жеке жактар тарых жана маданият эстеликтерин пайдалануучу статусун жазуу түрүндө келишим түзүлгөндөн кийин алат, бул келишимде пайдалануучу башкалардан тышкары, эстеликтерди коргоо жана пайдалануу боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Мыйзамда каралган бардык милдеттерди өзүнө алат. | 29-беренедеги биринчи бөлүктөгү "эстеликтерди коргоо боюнча" деген сөздөр "5 жылдык мөөнөткө" деген сөздөр менен толукталсын. | 29-берене. Юридикалык жана жеке жактарга тарыхый- маданий мурас объект- терин пайдала- нууга берүү тартиби Тарыхый-маданий мурас объекттерин юридикалык жана жеке жактарга пайдаланууга берүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Мыйзамда аныкталган тартипте 5 жылдык мөөнөткө эстеликтерди коргоо боюнча мамлекеттик органдын чечими боюнча ишке ашырылат. Тарых жама маданият эстеликтери болгон архитектуралык курулуштар же алардын бөлүктөрү юридикалык жана жеке жактардын пайдалануусуна, эстеликтерди коргоо боюнча мамлекеттик орган менен алдын-ала макулдаштык боюнча жергиликтүү бийлик органдарынын чечими менен берилет. Юридикалык жана жеке жактар тарых жана маданий эстеликтерин пайдалануучу статусун жазуу түрүндө келишим түзүлгөндөн кийин алат, бул келишимде пайдалануучу башкалардан тышкары, эстеликтерди коргоо жана пайдалануу боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Мыйзамда каралган баардык милдеттерди өзүнө алат. |
| 7 | 33-берене. Археология эстеликте- рин чалгын- доону жана казууну жүргүзүү- нүн тартиби Археология, суу алдындагы эстеликтерин чалгындоого, казууга жана башка изилдөөлөр жүргүзүүгө атайын уруксат - Ачык баракча болгондо гана жол берилет. ал [Кыргыз Республикасынын Улуттук академиясынын] Талаачылык комитети тарабынан берилет жана эстеликтерди коргоо боюнча мамлекеттик орган тарабынан катталат. Ачык баракчаларды алган адистер аларды [жергиликтүү бийлик органдарында] каттатууга жана изилдөөлөр мөөнөтү бүткөндөн кийин аларды берген органга отчет менен бирге кайта берүүгө милдеттүү. Андан ары сактоону жана пайдаланууну талап кылуучу объектилердеги археологиялык казуулар үчүн Ачык барак археологиялык изилдөөлөр-консервац- иялоо, калыбына келтирүү жана музейлештирүүнү аяктагандан кийин эл аралык стандарттарга ылайык коргоо чараларынын толук комплексин жүргүзүү үчүн финансы кепилдиги болгон учурда гана каттоого алынат. Археологиялык, анын ичинде суу алдындагы иштерди ээнбаш жүргүзүү мыйзамсыз деп таанылат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жазаланат. Археологиялык жумуштардын натыйжасында алынган материалдык маданияттын бардык буюм-тайымдары материалдар иштетилип жана жарыялоого даярдалгандан кийин акт боюнча мамлекеттик музейлерге жана Кыргыз Республикасынын Улуттук академиясынын Тарых институтунун сактоо фонддоруна өткөрүлүп берилет. Археологиялык казуулардын натыйжасында алынган материалдык маданияттын буюм-тайымдарын, эстеликтерди коргоо боюнча мамлекеттик органдын уруксатсыз Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары алып кетүүгө тыюу салынат. (КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 13-февралындагы № 38 Мыйзамынын редакциясына ылайык) | 33-берене: - биринчи бөлүктө "Кыргыз Республикасынын илимдер академиясы деген сөздөр "бир жылдан ашык эмес мөөнөттө иштин белгилүү бир түрүн жүргүзүүгө укуктуу" деген сөздөр менен толукталсын; - төртүнчү бөлүк төмөндөгүдөй мазмунда толукталсын: "Жеке жана юридикалык жактар археологиялык талаачылык жумуштарын үч жыл бою жүргүзүп жаткан иштеринде табылган маданий байлыктарды Кыргыз Республикасынын мамлекеттик музей фондусуна түбөлүк сактоого өткөрүп берүүгө милдетүү". | 33-берене. Археология эстеликте- рин чалгындоо- ну жана казууну жүргүзүү- нүн тартиби Археология иштерин жүргүзүүгө, анын ичинде, суу алдындагы эстеликтерди чалгындоого, казууга жана башка изилдөөлөрдү жүргүзүүгө атанын уруксат - Ачык баракча болгондо гана жол берилет, ал Кыргыз Республикасынын Улуттук академиясынын Талаачылык комитети тарабынан бир жылдан ашык эмес убакытка атайын белгиленген иштерди жүргүзүү укуктары үчүн берилет жана эстеликтерди коргоо боюнча мамлекеттик орган тарабынан катталат. Ачык баракчаларды алган адистер аларды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары каттатууга жана изилдөөлөр мөөнөтү бүткөндөн кийин аларды берген органга отчет менен бирге кайта берүүгө милдеттүү. Жеке жана юридикалык жактар археологиялык талаачылык жумуштарын үч жыл бою жүргүзүп жаткан иштеринде табылган маданий байлыктарды Кыргыз Республикасынын мамлекеттик музей фондусуна түбөлүк сактоого өткөрүп берет. Андан ары сактоону жана пайдаланууну талап кылуучу объектилердеги археологиялык казуулар үчүн Ачык барак археологиялык изилдөөлөр-консервац- иялоо, калыбына келтирүү жана музейлештирүүнү аяктагандан кийин эл аралык стандарттарга ылайык коргоо чараларынын толук комплексин жүргүзүү үчүн финансы кепилдиги болгон учурда гана каттоого алынат. Археологиялык, анын ичинде суу алдындагы иштерди ээнбаш жүргүзүү мыйзамсыз деп табылат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жазаланат. Археологиялык жумуштардын натыйжасында алынган материалдык маданияттын бардык буюм-тайымдары материалдар иштетилип жана жарыялоого даярдалгандан кийин акт боюнча мамлекеттик музейлерге жана Кыргыз Республикасынын Улуттук академиясынын Тарых институтунун сактоо фонддоруна өткөрүлүп берилет. Археологиялык казуулардын натыйжасында алынган материалдык маданияттын буюм-тайымдарын эстеликтерди коргоо боюнча мамлекеттик органдын уруксатсыз Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары алып кетүүгө тыюу салынат. (КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 13-февралындагы № 38 Мыйзамынын редакциясына ылайык) |
| 8 | 34-берене. Тарыхый- маданий мурас объект- терин реставра- циялоонун, консерва- циялоонун, регенера- циялоонун жана оңдоонун тартиби Тарыхый-маданий мурас объекттерин реставрациялоо, консервациялоо, регенерациялоо жана оңдоо эстеликтерди коргоо боюнча мамлекеттик органдын уруксааты менен гана жүзөгө ашырылат. Тарыхый-маданий мурас объекттерин реставрациялоо, консервациялоо, регенерациялоо жана оңдоо ушул Мыйзамдын 20-статьясында аныкталган каржылоо булактарынын эсебинен, ошондой эле эстеликтерди пайдалануучулардын же алардын менчик ээлеринин эсебинен жүзөгө ашырылат. Аталган жумуштар адистештирилген илимий-реставрацияло- очу уюмдар жана башка уюмдар же жарандар тарабынан эстеликтерди коргоо боюнча мамлекеттик органдын атайын уруксаты болгондо жүргүзүлөт, мындай уруксат жүргүзүлүүчү жумуштар боюнча долбоордук документтер мамлекеттик орган тарабынан бекитилгенден кийин ар бир эстеликке өзүнчө берилет. | 34-берене үчүнчү, төртүнчү жана бешинчи бөлүктөр төмөндөгүдөй мазмунда толукталсын: "Тарыхый-маданий мурастарды сактоо боюнча иштер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарыиа ылайык жүргүзүлөт. Тарыхый-маданий объектилерди сактоо боюнча долбоордук документтерди иштеп чыгууну алып баруучу жеке жана юридикалык жактар бул объектилерде илимий жетекчиликти, техникалык жана автордук көзөмөлдү жүргүзүшөт. Тарыхый-маданий эстеликтердин объектилерин сактоо боюнча иштерди аяктагандан кийин илимий жетекчиликти алып барган жеке жана юридикалык жактар отчеттук документтерди, аткарылган иштер жөнүндө илимий отчетту кошо, үч айлык мөөнөттүн ичинде, эстеликтерди коргоо боюнча органга тапшырат." | 34-берене. Тарыхый- маданий мурас объекти- лерин реставра- циялоонун, консерва- циялоонун, регенера- циялоонун жаш оңдоонун тартиби Тарыхый-маданий мурас объекттерин реставрациялоо, консервациялоо, регенерациялоо жана оңдоо эстеликтерди коргоо боюнча мамлекеттик органдын уруксааты менен гана жүзөгө ашырылат. Тарыхый-маданий мурас объекттерин реставрациялоо, консервациялоо, регенерациялоо жана оңдоо ушул Мыйзамдын 20-статьясында аныкталган каржылоо булактарынын эсебинен, ошондой эле эстеликтерди пайдалануучулардын же алардын менчик ээлеринин эсебинен жүзөгө ашырылат. Тарыхый-маданий мурастарды сактоо боюнча иштер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт. Тарыхый-маданий объектилерди сактоо боюнча долбоордук документтерди иштеп чыгууну алып баруучу жеке жана юридикалык жактар бул объектилерде илимий жетекчиликти, техникалык жапа автордук көзөмөлдү жүргүзүшөт. Тарыхый-маданий эстеликтердин объектилерин сактоо боюнча иштерди аяктагандан кийин илимий жетекчиликти алып барган жеке жана юридикалык жактар отчеттук документтерди аткарылган иштер жөнүндө илимий отчетту кошо, үч айлык мөөнөттүн ичинде, эстеликтерди коргоо боюнча органга тапшырат. Аталган жумуштар адистештирилген илимий-реставрацияло- очу уюмдар жана башка уюмдар же жарандар тарабынан эстеликтерди коргоо боюнча мамлекеттик органдын атайын уруксаты болгондо жүргүзүлөт, мындай уруксат жүргүзүлүүчү жумуштар боюнча долбоордук документтер мамлекеттик орган тарабынан бекитилгенден кийин ар бир эстеликке өзүнчө берилет. |
Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министри
Н.Шакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 24-майындагы № 1931-V "Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор жана өзгөртүүлөр…Постановление · 24.05.2012 · № 1931-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 6-апрелиндеги № 1773-V "Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор…Постановление · 06.04.2012 · № 1773-V
- КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 21-июнундагы №2101-V "Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор жана өзгөртүүлөр…Постановление · 21.06.2012 · № 2101-V
Шилтеме берет (5)
- Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндөЗакон · 26.07.1999 · № 91
- "Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" "Тарыхый-маданий мурастарды…Закон · 25.07.2012 · № 143
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
5 ичинен 4 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.