Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
1-статья
Күчүндө · 13.02.2006 редакциясы
"Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин
Жарчысы, 2000-ж., № 1, 16-ст.) төмөндөгүдөй толуктоолор жана
өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 4-статьянын 2-пунктунун экинчи абзацы "байыркы буюмдар" деген
сөздөрдөн кийин "тыйындар," деген сөз менен толукталсын.
2. 9-статьянын бешинчи абзацы "эстеликтерди консервациялоо" деген
сөздөрдөн кийин ", калыбына келтирүү, оњдоо, музейлештирүү" деген
сөздөр менен толукталсын.
3. 30-статьяда:
- биринчи бөлүгү төмөндөгүдөй мазмундагы экинчи жана үчүнчү
сүйлөмдөр менен толукталсын:
"Республикалык маанидеги корук аймактарынын объекттеринин долбоор-
лору эстеликтерди коргоо чөйрөсүндөгү адистешкен илимий-долбоорлоо уюму
тарабынан иштелип чыгат жана маданиятты башкаруунун мамлекеттик борбор-
дук органы тарабынан бекитилет. Эларалык маанидеги корук аймактарынын
объекттеринин долбоорлору маданиятты башкаруунун мамлекеттик борбордук
органынын сунуштамасы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан
бекитилет.";
- биринчи бөлүктүн экинчи сүйлөмү төртүнчү сүйлөм деп эсептелсин;
- экинчи бөлүктүн биринчи сүйлөмү алып салынсын;
- үчүнчү бөлүк төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"Эстеликтердин корук аймактарынын жана ар бир тарыхый, археология-
лык, архитектуралык жана шаар куруу эстеликтеринин долбоорлору өзүнчө
иштелип чыгат жана бекитилет. Калк конуштарынын башкы пландарын иштеп
чыгууда аларга эстеликтерди коргоонун бекитилген аймактары кошулат.".
4. 33-статьяда:
- биринчи бөлүгү "археология" деген сөздөн кийин ", суу алдындагы"
деген сөз менен толукталсын;
- статья төмөндөгүдөй мазмундагы экинчи бөлүк менен толукталсын:
"Андан ары сактоону жана пайдаланууну талап кылуучу объектилердеги
археологиялык казуулар үчүн Ачык барак археологиялык изилдөөлөр-консер-
вациялоо, калыбына келтирүү жана музейлештирүүнү аяктагандан кийин эла-
ралык стандарттарга ылайык коргоо чараларынын толук комплексин жүргүзүү
үчүн финансы кепилдиги болгон учурда гана каттоого алынат.";
- экинчи-төртүнчү бөлүктөр тийиштүүлүгүнө жараша үчүнчү-бешинчи
бөлүктөр деп эсептелсин;
- үчүнчү бөлүк төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"Археологиялык, анын ичинде суу алдындагы иштерди ээнбаш жүргүзүү
мыйзамсыз деп таанылат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык
жазаланат.
5. 35-статья төмөндөгүдөй мазмундагы экинчи бөлүк менен толуктал-
сын:
"Өзгөчө учурларда аларга "улуттук" деген статус берилиши мүмкүн.".
6. 37-статьядагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитил-
ген атайын жобо менен аныкталат" деген сөздөр "атайын мыйзам менен
жөнгө салынат" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
Берененин тексти 13.02.2006 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1826/st-1" title="1-статья - Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>