5-статья. Каттоодон баш тартуунун дагы башка негиздери
Күчүн жоготкон · 24.03.2023 редакциясы · II бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 24 марта 2023 года №70.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР 6 февраля 2014 года № 28
5-берене боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун 5-берене менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Бирдей же чаташтырганга чейинки деңгээлге жеткен окшош белги коюу үчүн товардык белги катары каттоого алынбайт:
1) бир түрдүү товарларга карата Кыргыз Республикасында башка адамдын атына мурда катталган же каттоого өтүнүлгөн жана кыйла мурдагы артыкчылыкка ээ болгон товардык белгилер менен;
2) иштин бирдей же окшош түрлөрүнө же товарларга же кызмат көрсөтүүлөргө карата - Кыргыз Республикасында катталган же каттоого берилген фирмалык аталыштар;
3) бир түрдүү товарларга карата Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер менен корголгон жана кыйла мурдагы артыкчылыкка ээ болгон башка адамдардын товардык белгилери менен.
Ушул статьянын биринчи бөлүгүнүн 1, 2 жана 3-пункттарында көрсөтүлгөн товардык белгилерге же фирмалык аталыштарга чаташтырганга чейинки деңгээлге жеткен белгилөөлөрдү каттоо бир түрдүү товарларга карата ушундай товардык белгинин ээси макулдук берген шартта гана мындай белгилөөлөрдү каттоого жол берилет. Мындай макулдукту берүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат. Чаташтырганга чейинки деңгээлге жеткен бир түрдүү же окшош бардык товардык белгилерди товардык белги катары каттоого болбойт:
1) Кыргыз Республикасында белгиленген тартипте таанылган жалпыга белгилүү товардык белгилер; Кыргыз Республикасында товардык белгинин жалпыга таанымал болуу критерийлери жана жалпыга белгилүү болуу тартибин таануу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
2) ушундай аталышта аны пайдалануу укугуна ээ болгон адамдын ысымына катталган товардык белгидеги корголбогон элементтер катары киргизилгенден башка учурларда ушул Мыйзамга ылайык корголгон товарлардын чыгарылган жерлеринин аталыштары.
Кайталап чыгарылган белги коюулар товардык белги катары катталбайт:
1) бир түрдүү товарларга карата товардык белгиге өтүнмөнүн артыкчылык алган күнүнө чейин бул аталыштарды пайдаланууга укук алган Кыргыз Республикасынын аймагында белгилүү болгон бир түрдүү товарларга карата башка адамдарга таандык болгон фирмалык аталыштар (же алардын бир бөлүгү);
2) автордук укуктун ээсинин же анын укук мураскорунун макулдугусуз Кыргыз Республикасында белгилүү болгон илимдин, адабияттын жана искусствонун чыгармаларынын, алардан алынган персонаждар же цитаталар, искусство чыгармалары же алардан фрагменттер;
3) белгилүү адамдардын фамилиялары, аттары, жашыруун аттары жана алардын уйкаштары, ошондой эле портреттери менен факсимилелери - өздөрүнүн же алардын мураскорлорунун макулдугусуз, ал эми мындай белгилөөлөр Кыргыз Республикасынын тарыхы менен маданиятынын энчиси болуп эсептелген учурларда - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн уруксатысыз;
4) эгерде өнөр жай үлгүсү каттоого өтүнмө берилген товардык белгиге салыштырганда бир кыйла эртерээк артыкчылыкка ээ болсо, Кыргыз Республикасында укугу башка адамга таандык өнөр жай үлгүлөрү товардык белгилер катары катталбайт.
(КР 2003-жылдын 27-февралындагы № 46, 2014-жылдын 6-февралындагы № 28 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 24.03.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
5-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР 6 февраля 2014 года № 28 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О товарных знаках, знаках обслуживания и наименованиях мест происхождения товаров"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 27 февраля 2003 года № 46 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
- КР УӨ 2010-жылдын 9-июлундагы №117 "Кыргыз Республикасынын Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматынын алдындагы Апелляциялык кеңешке арыздарды, каршы пикирлерди берүүнүн жана…Постановление · 09.07.2010 · № 117 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/18/st-5" title="5-статья - Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>