Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
6-статья. Товардык белгини каттоого өтүнмө
Күчүн жоготкон · 24.03.2023 редакциясы · III бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 24 марта 2023 года №70.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР 6 февраля 2014 года № 28
Товардык белгиге карата өтүнмө (мындан ары - өтүнмө) ишкердик иш-аракетти жүзөгө ашырып жаткан юридикалык же жеке жак тарабынан Кыргызпатентке берилет. Өтүнмө Кыргызпатентте катталган патенттик ишенимдүү өкүл, же башка өкүл аркылуу берилиши мүмкүн. Чет өлкөлүк юридикалык жактар же Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары туруктуу жашап турушкан жеке жактар, же алардын патенттик ишенимдүү өкүлдөрү товардык белгини каттоого байланыштуу иштерди Кыргызпатентте катталган патенттик ишенимдүү өкүлдөр аркылуу жүргүзүшөт. Патенттик ишенимдүү өкүлдүн же башка өкүлдүн ыйгарым укугу товардык белгиге күбөлүк суралган адамдын атынан берилген ишеним кат менен ырасталат. Патенттик ишенимдүү өкүлдөрдү аттестациядан өткөрүүнүн жана каттоонун тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталат. Өтүнмө бир гана белгиге тиешелүү болууга тийиш. Өтүнмөдө төмөндөгүлөр камтылууга тийиш:
1) өтүнмө ээсин, ошондой эле анын турган жерин же жашаган жерин көрсөтүү менен, белгини товардык белги катары каттоо жөнүндө арызы;
2) өтүнмө берилген белгилөө;
3) белгилерди каттоо үчүн Товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн эл аралык классификациясынын класстары боюнча топтоштурулган товардык белгини каттоо суралып жаткан товарлардын тизмеги.
Өтүнмө мамлекеттик же расмий тилинде берилет. Өтүнмөгө төмөндөгүлөр тиркелүүгө тийиш:
1) белгиленген өлчөмдө алымдын төлөнгөндүгүн ырастоочу документ;
2) өтүнмө берилген белгинин сыпаттамасы;
3) эгерде өтүнмө жамааттык белгиге берилсе, жамааттык белгинин уставы.
Ушул статьянын жетинчи бөлүгүндө каралган документтер Кыргызпатентке келип түшкөн күн өтүнмө берилген күн, ал эми эгерде көрсөтүлгөн документтер бир убакта берилбесе, анда берилген документтердин акыркысы келип түшкөн күн боюнча эсептелет. Өтүнмөгө тиркелген документтер мамлекеттик же расмий тилинде берилет. Жогоруда аталган өтүнмөнүн документтерине аларды берүүнүн тартиптерине коюлган талаптар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет. Караңыз: КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2019-жылдын 20-февралындагы № 04-р чечими (КР 2003-жылдын 27-февралындагы № 46, 2014-жылдын 6-февралындагы № 28 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 24.03.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР 6 февраля 2014 года № 28 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О товарных знаках, знаках обслуживания и наименованиях мест происхождения товаров"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 27 февраля 2003 года № 46 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Берене боюнча Пленумдун түшүндүрмөлөрү жана сот практикасы (1)
Бул беренени колдонгон Жогорку Соттун Пленумунун токтомдору жана Конституциялык соттун чечимдери.
- Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2019-жылдын 20-февралындагы "Александр Анатольевич Рябушкиндин кайрылуусуна байланыштуу «ишкердик иш-аракетти…Сот практикасы · Решение · 20.02.2019 · № 04-р
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Беренеде аталган актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/18/st-6" title="6-статья - Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>