10-статья. Өтүнмө берилген белгилөөгө экспертиза
Күчүн жоготкон · 24.03.2023 редакциясы · III бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 24 марта 2023 года №70.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР 6 февраля 2014 года № 28
Өтүнмө берилген белгилөөгө экспертиза өтүнмө берилген күндөн тартып он эки айдын ичинде алдын ала экспертиза аяктагандан кийин жүргүзүлөт. Экспертизанын жүрүшүндө билдирилген белгилөө ушул Мыйзамдын 2-статьясынын биринчи бөлүгүндө, 4 жана 5-статьяларда белгиленген талаптарга ылайык келиши текшерилет жана ушул Мыйзамдын 7-статьясына ылайык товардык белгинин артыкчылыгы белгиленет. Экспертизанын натыйжалары боюнча товардык белгини каттоо жөнүндө же каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим чыгарылат. Экспертизадан өткөрүүнүн каалаган учурунда Кыргызпатент өтүнмө ээсинен аларсыз экспертиза өткөрүү мүмкүн болбой турган кошумча документтерди суратууга акылуу. Экспертизанын суроо-талабы боюнча кошумча материалдар суроо алынган күндөн тартып эки айдын ичинде берилүүгө тийиш. Өтүнмө ээсинин өтүнүчү боюнча, жүйөлүү себептер болгондо жана тийиштүү алым төлөнгөн шартта эки айлык мөөнөттүн ичинде жооп берүүнүн мөөнөтү узартылышы мүмкүн, бирок ал мөөнөт он эки айдан ашпоого тийиш. Эгерде өтүнмө ээси көрсөтүлгөн мөөнөттү бузса же экспертизанын суроо-талабын жоопсуз калтырса, өтүнмө кайтарылып алынды деп эсептелет. Экспертиза жүргүзүү учурунда товардык белгини каттоодон баш тартуу жөнүндө алдын-ала чечим чыгарылышы мүмкүн. Алдын ала чечимге жооп өтүнмө ээси тарабынан алдын ала чечимди колуна алган күндөн тартып эки айдын ичинде берилиши мүмкүн. Өтүнмөнүн ээсинин суроосу боюнча көрсөтүлгөн мөөнөт, суроо ушул мөөнөт аяктаганга чейин келип түшкөн шартта узартылышы мүмкүн. Алдын ала чечимге жооптун мөөнөтү он эки айдан ашпаган мөөнөткө узартылат. Эгерде бул мөөнөттү бузса же алдын ала чечимди жоопсуз калтырса, товардык белгини каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынат. Өтүнмө ээси тиешелүү алымды төлөөдө, өтүнмө берилген белгилөөгө мөөнөтүнөн мурда экспертиза жүргүзүү жөнүндө өтүнүүгө укуктуу. Мында берилген белгилөөгө экспертиза өтүнмө берилген күндөн тартып алты айдан эрте эмес, андай сунуштоо берилген шартта өтүнмө берилген күндөн тартып алты айдын ичинде жүргүзүлөт. (КР 2003-жылдын 27-февралындагы № 46, 2014-жылдын 6-февралындагы № 28 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 24.03.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
10-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР 6 февраля 2014 года № 28 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О товарных знаках, знаках обслуживания и наименованиях мест происхождения товаров"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 27 февраля 2003 года № 46 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/18/st-10" title="10-статья - Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>