25-статья. Товардык белгинин катталышын жараксыз деп таануу
Күчүн жоготкон · 24.03.2023 редакциясы · VII бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 24 марта 2023 года №70.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 27 февраля 2003 года № 46
Эгерде каттоо ушул Мыйзамдын 4-статьясында белгиленген талаптарды бузуу менен жүргүзүлсө, анын каттоо күчүнүн мөөнөтүнүн ичинде бул товардык белгини каттоо толук же жарым-жартылай жараксыз деп таанылышы мүмкүн. Ушул Мыйзамдын 5-статьясында белгиленген негиздер боюнча расмий бюллетенде товардык белгини каттоо жөнүндөгү маалыматтар жарыяланган күндөн тартып беш жыл бою товардык белгини каттоо толук же жарым-жартылай жараксыз деп таанылышы мүмкүн. Бул ченем караниеттик менен катталган жана пайдаланылган товардык белгилерге жайылтылбайт. Эгерде каттоо ушул Мыйзамдын 3-статьясынын экинчи бөлүгүндө белгиленген талаптарды бузуу менен жүргүзүлсө, товардык белгинин катталыш аракетинин бүткүл мөөнөтүндө бул товардык белгини каттоо толук же жарым-жартылай жараксыз деп таанылышы мүмкүн. Кайсы жак болбосун ушул статьянын биринчи, экинчи жана үчүнчү бөлүктөрүндө каралган мөөнөттө товардык белгини каттоого карата Апелляциялык кеңешке каршы пикир бере алат. Товардык белгини каттоого карата каршы пикир билдирүү, ал келип түшкөн күндөн тартып төрт айдын ичинде каралууга тийиш. Апелляциялык кеңештин чечимине өтүнмө ээси чечимди алган күндөн тартып алты айдын ичинде сотко даттана алат. (КР 2003-жылдын 27-февралындагы № 46, 2014-жылдын 6-февралындагы № 28 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 24.03.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
25-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/18/st-25" title="25-статья - Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>