Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
7-статья. Товардык белгинин артыкчылыгы
Күчүн жоготкон · 24.03.2023 редакциясы · III бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 24 марта 2023 года №70.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР 6 февраля 2014 года № 28
Товардык белгинин артыкчылыгы ушул Мыйзамдын 6-статьясынын жетинчи бөлүгүнүн талаптарын канааттандыруучу өтүнмө Кыргызпатентке келип түшкөн күн боюнча белгиленет. Товардык белгинин артыкчылыгы, эгерде Кыргызпатентке өтүнмө берүү, көрсөтүлгөн күндөн тартып алты ай ичинде ишке ашырылса, биринчи өтүнмө берилген күн бул мөөнөттү эсептегенге кирбейт. Өнөр жай менчигин коргоо боюнча Париж конвенциясына (конвенциялык артыкчылык) катышуучу мамлекетке биринчи өтүнмө берилген күн боюнча белгиленет. Өнөр жай менчигин коргоо боюнча Париж конвенциясына катышуучу мамлекеттердин биринин аймагында уюштурулган расмий же расмий түрдө таанылган эл аралык көргөзмөлөрдүн экспонаттарына коюлган товардык белгилердин артыкчылыгы, эгерде Кыргызпатентке товардык белгиге өтүнмө берүү көрсөтүлгөн күндөн тартып алты ай ичинде ишке ашырылса, көргөзмөнү экспонатта ачык көрсөтүүнүн (көргөзмөлүк артыкчылык) башталыш күнү боюнча белгилениши мүмкүн. Конвенциялык же көргөзмөлүк артыкчылыктын укугунан пайдаланууну каалаган өтүнмө ээси муну товардык белгиге өтүнмөнү берген кезде же Кыргызпатентке өтүнмө келип түшкөн күндөн тартып эки айдын ичинде көрсөтүүгө жана мындай талаптын жөндүү экендигин ырастоочу зарыл документтерди тиркөөгө, же болбосо Кыргызпатентке өтүнмө келип түшкөн күндөн тартып үч айдан кечиктирбей бул документтерди тапшырууга милдеттүү. Товардык белгинин артыкчылыгы Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык товардык белгини эл аралык каттоо боюнча белгилениши мүмкүн. (КР 2003-жылдын 27-февралындагы № 46, 2014-жылдын 6-февралындагы № 28 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 24.03.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР 6 февраля 2014 года № 28 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О товарных знаках, знаках обслуживания и наименованиях мест происхождения товаров"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 27 февраля 2003 года № 46 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/18/st-7" title="7-статья - Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>