Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
11-статья. Өтүнмө боюнча чечимге даттануу жана өткөрүп жиберилген мөөнөттөрдү калыбына келтирүү
Күчүн жоготкон · 24.03.2023 редакциясы · III бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 24 марта 2023 года №70.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 27 февраля 2003 года № 46
Өтүнмө ээси алдын ала экспертизанын чечимине же өтүнмө берилген белгинин экспертизасынын чечимине макул болбосо,ал чечимди алган күндөн тартып үч ай ичинде Кыргызпатенттин Апелляциялык кеңешине (мындан ары - Апелляциялык кеңеш) каршы пикир билдирүүгө акылуу. Каршы пикир билдирүү Апелляциялык кеңеш тарабынан ал келип түшкөн күндөн тартып төрт айдын ичинде каралып чыгууга тийиш. Апелляциялык кеңештин чечими өтүнмө ээси тарабынан чечимди алган күндөн тартып алты айдын ичинде сотко даттанылышы мүмкүн. Өтүнмө ээси экспертизанын чечиминде көрсөтүлгөн материалдар менен таанышууга акылуу. Өтүнмө боюнча чечимди алгандан кийин бир ай ичинде өтүнмө ээси ушул материалдардын көчүрмөсүн сурап ала алат. Ушул Мыйзамдын 9-статьясынын экинчи бөлүгүндө, 10-статьясынын бешинчи бөлүгүндө жана ушул статьянын биринчи жана төртүнчү бөлүгүндө каралган өтүнмө ээсинин өткөрүп жиберген мөөнөттөрү, мөөнөттөр аяктагандан кийин эки айдан кечикпей берилип, жүйөлүү себептер бар экендиги жана алым төлөнгөндүгү ырасталган учурда өтүнмө ээсинин өтүнүчү боюнча Кыргызпатент тарабынан калыбына келтирилиши мүмкүн. (КР 2003-жылдын 27-февралындагы № 46, 2014-жылдын 6-февралындагы № 28 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 24.03.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/18/st-11" title="11-статья - Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>