13-статья. Муниципалдык менчик объекттерин менчиктештирүү
Күчүндө · 19.08.2005 редакциясы
программасы
1. Муниципалдык менчик объекттерин менчиктештирүү Муниципалдык
менчик объекттерин менчиктештирүү программасынын (мындан ары - Менчик-
тештирүү программасы) негизинде жүргүзүлөт.
2. Менчиктештирүү программасы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун
аткаруучу-тескөөчү органы тарабынан иштелип чыгат жана жергиликтүү
кењеш тарабынан бекитилет.
3. Менчиктештирүү программасы өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:
менчиктештирүү жаатындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органда-
рынын саясатынын максаттарын жана милдеттерин;
муниципалдык менчикти менчиктештирүүнү жүзөгө ашыруу жана тоорук
өткөрүү тартибин;
муниципалдык менчик объекттерин төмөнкүлөргө классификациялоону;
- менчиктештирилүүгө тийиш болгон муниципалдык менчик объекттерин;
- аларды менчиктештирүү жөнүндө чечим кабыл алынганга чейинки му-
ниципалдык менчикке бекитилүүчү муниципалдык менчиктин объекттерин;
- менчиктештирүүгө тыюу салынган муниципалдык менчиктин объектте-
рин;
муниципалдык менчикти менчиктештирүүдөн каражаттардын түшүү божо-
молун;
муниципалдык менчикти менчиктештирүүнүн натыйжасында инвестиция-
лардын түшүү божомолун.
4. Муниципалдык менчик объекттерин менчиктештирүүдөн түшкөн кара-
жаттар жергиликтүү бюджетке келип түшөт.
5. Муниципалдык менчиктеги жер участкаларын, жеке жана юридикалык
жактардын менчигине берүү Кыргыз Республикасынын жер боюнча мыйзамда-
рында каралган тартипте жүргүзүлөт.".
12. 15-статьяда:
статьянын аталышы жана 1, 2-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баян-
далсын:
"15-статья. Муниципалдык менчик объекттерин пайдаланууга жана
ижарага берүү
1. Муниципалдык менчик объекттери жеке жана юридикалык жактарга
пайдаланууга жана ижарага берилиши мүмкүн.
Менчик ээлеринин көп квартиралуу үйлөрүнүн алдындагы жер участок-
торун кошуп, көп квартиралуу үйдүн имарат жайларындагы жалпы мүлктү
жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары пайдаланууга жана ижарага
берүүгө укуксуз.
Муниципалдык менчик объекттерин пайдаланууга жана ижарага берүү,
ушул Мыйзамдын 16-статьясында, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында,
жергиликтүү кењештердин чечимдеринде каралгандан башка учурларда, тоо-
руктарды өткөрүү жолу менен жүргүзүлөт.";
2-пункттун биринчи абзацы "Кыймылсыз" деген сөздүн алдынан "Тоорук
өткөргөндө жана" деген сөздөр менен толукталсын.
3-пунктта "жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында калат" де-
ген сөздөр "жергиликтүү бюджетке келип түшөт" деген сөздөр менен алмаш-
тырылсын; "Конкурстун жењүүчүсү" деген сөздөр "Муниципалдык мүлк пайда-
ланууга же ижарага берилген адам," деген сөздөр менен алмаштырылсын.
13. 16-статьяда "берилет" деген сөз "берилиши мүмкүн" деген сөздөр
менен алмаштырылсын.
14. 17-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"17-статья. Муниципалдык менчикти ипотекага берүү же күрөөгө коюу
Муниципалдык менчик объекттери жергиликтүү өз алдынча башкаруу ор-
гандарынын иш-милдеттерин аткарышын камсыз кылуу үчүн ипотекага берили-
ши же күрөөгө коюлушу мүмкүн.
Муниципалдык менчик объекттерин ипотекага берүү же күрөөгө коюу
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жергиликтүү
кењештин макулдугу менен жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу-
чу-тескөөчү органы тарабынан жүргүзүлөт.".
15. 19-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"19-статья. Муниципалдык менчикти башкаруу жана тескөө
чөйрөсүндөгү жергиликтүү өз алдынча башкаруу
органдарынын компетенциясы
Жергиликтүү кењеш:
муниципалдык менчикти пайдалануу жана тескөө тартибин белгилейт,
ошондой эле анын пайдаланылышына контроль жүргүзөт;
муниципалдык менчик объекттерин ипотекага берүүгө же күрөөгө коюу-
га макулдук берет;
Менчиктештирүү программасын бекитет;
муниципалдык менчикти камсыздандыруу тартибин аныктайт;
муниципалдык ишканалар жана мекемелер, ошондой эле муниципалдык
менчикти пайдалануучу дагы башка юридикалык жана жеке жактар тарабынан
көрсөтүлүүчү коммуналдык кызматтарга бааларды жана тарифтерди бекитет;
муниципалдык менчикти эсептен чыгаруу тартибин аныктайт;
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана жергиликтүү
жамааттардын уставында каралган башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу-тескөөчү органы:
муниципалдык менчикти башкарат жана тескейт;
муниципалдык менчик объекттерине укук берүү тартибин кароочу жер-
гиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ченемдик-укуктук актыларынын,
Менчиктештирүү программаларынын жана муниципалдык менчикти башкаруу жа-
на тескөө тартибин аныктоочу дагы башка ченемдик-укуктук актылардын
долбоорлорун иштеп чыгат жана жергиликтүү кењештин кароосуна берет;
муниципалдык ишканаларды жана мекемелерди түзүүгө, иштешине, кайра
уюштурууга жана жоюуга, ошондой эле муниципалдык менчиктеги акционердик
коомдордун акцияларын башкарууга жетекчиликти, координацияны жана конт-
ролду жүзөгө ашырат;
муниципалдык менчикти башкаруу жана тескөө менен байланышкан кели-
шимдерди түзөт;
муниципалдык менчик объекттеринин реестрин, ошондой эле Кыргыз
Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте муниципалдык менчик
объекттеринин башка эсебин жүргүзөт;
муниципалдык менчикти камсыздандырууну жүзөгө ашырат, муниципалдык
менчиктин сакталышын камсыз кылуу боюнча дагы башка чараларды көрөт;
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана жергиликтүү жамааттардын
уставында каралган дагы башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.".
16. 21-статьянын 1-пунктунда "Товарларды, жумуштар менен кызмат
көрсөтүүлөрдү мамлекеттин сатып алышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамына ылайык" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын мыйзамдары ме-
нен" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
Берененин тексти 19.08.2005 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
13-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- О государственных закупках товаров, работ и услугЗакон · 13.05.1997 · № 31 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1750/st-13" title="13-статья - Мүлккө коммуналдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>