1-статья
Күчүндө · 19.08.2005 редакциясы
"Мүлккө коммуналдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйза-
мына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Жарчысы, 2002-ж., № 4,
159-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. Мыйзамдын аталышындагы бүткүл текстте ар түрдүү жөндөмөдөгү жа-
на сандардагы "коммуналдык" деген сөз тийиштүү жөндөмөдөгү жана сандар-
дагы "муниципалдык" деген сөз менен алмаштырылсын.
2. 1-статьяда:
үчүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"муниципалдык менчик - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары-
нын карамагында, пайдалануусунда, тескөөсүндө болгон жергиликтүү жама-
аттардын менчиги.";
төртүнчү абзацта "жергиликтүү өз алдынча башкаруу менчигинде тур-
ган мүлктү" деген сөздөр "муниципалдык менчикти" деген сөздөр менен ал-
маштырылсын;
бешинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"муниципалдык менчикти менчиктештирүү жөнүндө мыйзамдар - муници-
палдык менчикти менчиктештирүү тартибин жөнгө салуучу Кыргыз Республи-
касынын ченемдик-укуктук актылары.".
3. 2-статьяда:
1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Мүлккө муниципалдык менчик укугунун пайда болушу, ишке ашыры-
лышы жана токтотулушу менен байланышкан мамилелер Кыргыз Республикасы-
нын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын Граждандык жана Жер кодексте-
ри, ушул Мыйзам жана Кыргыз Республикасынын дагы башка ченемдик-укуктук
актылары менен жөнгө салынат.".
2-пункт "зарыл болгон" деген сөздөрдөн кийин "муниципалдык" деген
сөз менен толукталсын.
4. 2-главанын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2-глава.
Муниципалдык менчик укугунун пайда болушу
жана мамлекеттик каттоо. Муниципалдык менчик
объекттерин эсепке алуу".
5. 4-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4-статья. Жергиликтүү жамааттардын муниципалдык менчикти
башкарууга жана тескөөгө катышуусу
Жергиликтүү жамаат жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына
кайрылуу жолу менен муниципалдык менчикти башкарууга жана тескөөгө
түздөн-түз катышат, бул кайрылуулар тийиштүү чараларды кабыл алуу үчүн
жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан милдеттүү түрдө ка-
ралышы керек.".
6. 5-статьяда:
үчүнчү абзацта "жергиликтүү коомчулуктун казынасына" деген сөздөр
"жергиликтүү бюджетке" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
алтынчы абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- муниципалдык менчикке түшкөн ээсиз буюмду соттун чечими менен
таануунун натыйжасында;".
7. 6-статья төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү бөлүк менен толукталсын:
"Муниципалдык менчикке өткөрүп берилүүчү мамлекеттик менчик объек-
ттерин кабыл алуу жергиликтүү кењештин макулдугу менен жүргүзүлөт.".
8. 7-статьяда:
статьянын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7-статья. Муниципалдык менчиктеги кыймылсыз мүлккө укуктарды
мамлекеттик каттоо жана алар менен жасалган бүтүм";
1-пунктта "коммуналдык менчикке" деген сөздөр "муниципалдык мен-
чиктеги кыймылсыз мүлккө" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
9. 8-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"8-статья. Муниципалдык менчик объекттерине укук белгилөөчү
документтер
Муниципалдык менчик объекттерине укук белгилөөчү документтер болуп
мыйзамдар, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктары, Кыргыз Рес-
публикасынын Өкмөтүнүн токтомдору, соттун чечимдери, келишимдер жана
башка бүтүмдөр, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында карал-
ган мүлккө муниципалдык менчик укугун белгилөөчү башка актылар сана-
лат.".
10. 10 -статьяда:
бешинчи абзац алып салынсын;
алтынчы абзацта "өзгөрүп кайра түзүлгөндө, бириктирилгенде же" де-
ген сөздөр алып салынсын.
11. 11-13-статьялар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"11-статья. Муниципалдык менчиктеги мүлктү ажыратуу жана
алып коюу
1. Муниципалдык менчиктеги мүлк сатып алуу-сатуу, менчиктештирүү
же алмаштыруу жолу менен ажыратылышы мүмкүн.
2. Муниципалдык менчиктеги мүлктү ажыратуу жергиликтүү өз алдынча
башкаруунун аткаруучу-тескөөчү органынын чечиминин негизинде
жүргүзүлөт. Муниципалдык менчиктеги мүлктү ажыратуу тартиби жергиликтүү
кењеш тарабынан белгиленет.
3. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды копшо-
гондо, муниципалдык менчиктеги мүлктү алып коюуга жол берилбейт.
Берененин тексти 19.08.2005 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (2)
- Жер кодексиКодекс · 02.06.1999 · № 45 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1750/st-1" title="1-статья - Мүлккө коммуналдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>