1-статья
Күчүн жоготкон · 05.08.2005 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58.
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., N 2, 77-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
1. 238-статьяда:
биринчи бөлүктүн биринчи абзацындагы "бештен он өлчөмүнө чейин" деген сөздөр "ондон жыйырма өлчөмүнө чейин" деген сөздөр менен алмаштырылсын; экинчи бөлүктүн экинчи абзацындагы "ондон жыйырма өлчөмүнө чейин" деген сөздөр "он бештен жыйырма өлчөмүнө чейин" деген сөздөр менен алмаштырылсын; үчүнчү бөлүктүн экинчи абзацындагы "экиден беш өлчөмүнө чейин" деген сөздөр "ондон жыйырма өлчөмүнө чейин" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. 239-статьянын экинчи абзацындагы "бештен жети өлчөмүнө чейин" деген сөздөр "ондон жыйырма өлчөмүнө чейин" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
3. 242-статьянын экинчи бөлүгүнүн экинчи абзацы "транспорт каражаттарын айдоо укугунан ажыратылышына" деген сөздөрдөн мурда "соттун чечими боюнча" деген сөздөр менен толукталсын.
4. 508-статьяда:
"230" деген сан "230-статьянын экинчи бөлүгүндө" деген сөздөр менен алмаштырылсын; "241, 246, 248-статьяларында" деген сөздөр "241-статьянын биринчи бөлүгүндө, 242-статьянын экинчи бөлүгүндө, 246, 248-статьяларында" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
5. 510-статьядагы "242-статьясынын экинчи бөлүгүндө" деген сөздөр "242-статьясынын үчүнчү бөлүгүндө" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
6. 511-статьянын жетинчи абзацындагы "241-статьянын биринчи бөлүгүндө" деген сөздөр "241-статьянын экинчи бөлүгүндө" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
Берененин тексти 05.08.2005 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1719/st-1" title="1-статья - Кыргыз Республикасынын администрациялык жооппкерчилик жонундо кодексине озгортуулор жана толуктоо киргизуу тууралу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>