6-статья. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ветеринариясынын
Күчүн жоготкон · 30.12.2014 редакциясы · I БӨЛҮМ
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 30 декабря 2014 года № 175.
негизги милдеттери
Мамлекеттик ветеринариянын негизги милдеттери:
1. Жаныбарлардын жугуштуу ооруларынын, анын ичинде адам жана жаны-
барлар үчүн жалпы оорулардын чыгышын жана таралышын болтурбоо боюнча ветеринардык-санитардык, алдын алуучу чараларды, ошондой эле аларды жо- юу боюнча чараларды көрүү.
2. Кыргыз Республикасынын аймагын чет мамлекеттерден же карантин-
дик зоналардан жаныбарлардын жугуштуу ооруларын козгогучтарынын таралы- шынан коргоо боюнча чараларды көрүү.
3. Ветеринардык кызматтын контролунда турган жүктөрдү экспорттоодо
жана импорттоодо, ветеринардык-санитардык талаптардын сакталышына конт- ролдук кылуу.
4. Юридикалык жактардын, жеке ишкерлердин жана жарандардын жаны-
барлардан алынуучу азыктарды, тоюттарды, тоюттук кошулмаларды өндүрүүдө, даярдоодо, кайра иштетүүдө, сактоодо жана ташууда ветеринар- дык-санитардык эрежелердин сакталышына контролду камсыз кылуу.
5. Кыргыз Республикасында өндүрүлүүчү жана алынып келүүчү ветери-
нариялык дары каражаттарынын, биологиялык дары-дармектердин сапатын контролдоо; алардын натыйжалуулугуна жана жаныбарлардын ден соолугуна жана алардан алынуучу азыктарга тийгизүүчү таасирине берүү.
6. Жаныбарлардан алынуучу азыктарды өндүрүүдө жана сатууда, ал эми
базарлардагы адамдын тамактанышына жана жаныбарларды тоюттандырууга жа- на андан ары иштетүүгө арналган өсүмдүктөрдөн алынуучу азыктарга вете- ринардык-санитардык жактан экспертиза, ошондой эле андай азыктар саты- луучу жердин жана мал базарлардын, жармањкелердин жана аукциондордун абалына ветеринардык-санитардык көзөмөл жүргүзүү.
7. Өзгөчө кырдаалдардын учурунда жаныбарларды дартка чалдыгуудан
жана чыгашага учуроодон коргоо боюнча ветеринардык-санитардык жана баш- ка чараларды көрүүнү камсыз кылуу.
8. Жаныбарлардын ооруларынын пайда болушун, өтүшүн жана таралуу
себептерин жана мыйзам ченемдүүлүктөрүн изилдөө, алардын пайда болуу мүмкүндүктөрүн болжолдоо (тобокелди баалоо), алардын алдын алуу жана түп тамырынан бери жок кылуу боюнча программаларды, пландарды жана ту- тумдарды иштеп чыгуу.
9. Жаныбарлардын өтө коркунучтуу ооруларынын чыгышынын алдын алуу
жана жоюу боюнча мамлекеттик максаттуу программаларды иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу болуп эсептелет.
II глава Ветеринария жаатындагы мамлекеттик саясат
Берененин тексти 30.12.2014 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
6-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1658/st-6" title="6-статья - Ветеринария жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>