Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
5-статья. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ветеринариясы
Күчүн жоготкон · 30.12.2014 редакциясы · I БӨЛҮМ
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 30 декабря 2014 года № 175.
(Мамлекеттик ветеринария кызматы)
1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ветеринариясы - башкаруу ор-
гандарынын, уюмдардын жана мекемелердин борбордоштурулган бирдиктүү ту- туму, анын курамына төмөнкүлөр кирет:
- ветеринария маселесин тейлеген аткаруу бийлигинин мамлекеттик
органына караштуу мамлекеттик ветеринарияны башкаруунун республикалык органы;
- мамлекеттик ветеринарияны башкаруунун республикалык органына
түздөн-түз баш ийген республикалык ветеринариялык лаборатория, ветери- нария боюнча контролдук кылуучу илим-изилдөө институту (ветеринариялык дары-дармектердин стандартталышын жана сертификатталышын контролдоо бо- юнча илимий лаборатория), республикалык эпизоотияга каршы экспедиция, чегаралык ветеринариялык контролдоо пунтку, чегаралык ветеринардык-ка- рантиндик кызматтын башкы башкармасы;
- мамлекеттик ветеринариянын областык башкармалары;
- мамлекеттик ветеринариянын областык башкармалыгына түздөн-түз
баш ийген областык, зоналык лабораториялар, ветеринариялык жана ветери- нариялык-санитардык профилдеги областык дарылоочу-алдын алуучу жана башка мекемелер, мамлекеттик ветеринариянын райондук башкармалыгы, об- ластык баш ийүүдөгү шаарлардын мамлекеттик ветеринария мекмелери;
- Бишкек шаардык мамлекеттик ветеринардык-санитардык башкармасы
жана базарлардагы ага түздөн-түз баш ийген мамлекеттик ветеринардык-са- нитардык экспертиза лабораториялары жана Бишкек шаарынын аймагында иш- теген дарылоочу-алдын алуучу мекемелер;
- Ош шаардык мамлекеттик ветеринардык-санитардык башкармасы жана
базарлардагы ага түздөн-түз баш ийген мамлекеттик ветеринардык-санитар- дык экспертиза лабораториялары жана Ош шаарынын аймагында иштеген дары- лоочу-алдын алуучу мекемелер;
- мамлекеттик ветеринариянын райондук башкармасы жана ага
түздөн-түз баш ийген мамлекеттик диагностикалык лабораториялар, базар- лардагы ветеринардык-санитардык экспертиза лабораториялары, райондук маанидеги шаарларды кошо алганда, дарылоочу-алдын алуучу мекемелер.
2. Мамлекеттик ветеринарияны башкаруунун республикалык органы өз
ишин республикалык администрациялык ведомствонун укугунда жүзөгө ашы- рат.
3. Мамлекеттик ветеринарияны башкаруунун республикалык органы Кыр-
гыз Республикасынын Өкмөтүнө отчет берет жана анын иши ветеринария жөнүндө мыйзамдарга, мал чарбачылыгы, ветеринария, жаныбарларды, жаны- барлардан алынган азыктарды, тоюттарды жана жаныбарларды дарылоого ар- налган дары каражаттарды импорттоо жана экспорттоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасы катышкан эл аралык келишимдерге карама-каршы келбөөгө тийиш.
4. Мамлекеттик ветеринарияны башкаруунун республикалык органы
жөнүндө жобону Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитет.
5. Мамлекеттик ветеринарияны башкаруунун боюнча республикалык ор-
ганынын жетекчиси кызмат орду боюнча бир эле учурда Кыргыз Республика- сынын Башкы мамлекеттик ветеринариялык инспектору болуп саналат, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан кызматка дайындалат жана бошотулат жа- на өз ишин ветеринария маселесин тейлеген аткаруу бийлигинин мамлекет- тик органынын жетекчисинин орун басарынын укугунда ишке ашырат.
6. Мамлекеттик ветеринарияны башкаруунун республикалык органынын
жетекчиси - кызмат орду боюнча Кыргыз Республикасынын Башкы мамлекеттик ветеринариялык инспектору Эл аралык эпизоотиялык бюродо, башка Эл ара- лык ветеринариялык уюмдарда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өкүлү бо- лот.
Берененин тексти 30.12.2014 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (3)
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-октябрындагы № 616 "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин алдындагы Мамлекеттик ветеринария департаменти жөнүндө жобону бекитүү тууралуу"…Постановление · 05.10.2011 · № 616
- КР Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 26-сентябрындагы № 2294-V "Жалал-Абад областынын Сузак районунда жугуштуу күл оорусуна каршы эмдөөнүн айынан койлордун массалык өлүмү менен…Постановление · 26.09.2012 · № 2294-V
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-июнундагы № 367 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 87 "Кыргыз Республикасынын аткаруучу бийлик органдарын реформалоого…Постановление · 02.06.2012 · № 367 · Күчүн жоготкон
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1658/st-5" title="5-статья - Ветеринария жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>