Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
7-статья. Ветеринария жаатындагы мамлекеттин ыйгарым укуктары
Күчүн жоготкон · 30.12.2014 редакциясы · I БӨЛҮМ
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 30 декабря 2014 года № 175.
Ветеринария жана мал чарбасындагы эпизоотиялык ыњгайлуу абалды камсыз кылуу жагындагы мамлекеттин ыйгарым укуктарына төмөнкүлөр кирет:
1. Мамлекеттик ветеринария кызматын уюштуруу, жаныбарлардын жугуш-
туу ооруларынын чыгышынын жана таралышынын алдын алууга жана жоюуга, адам жана жаныбарлар үчүн жалпы оорулардан калкты коргоону камсыз кылу- уга мүмкүндүк берүүчү бул кызматтын ишине шарттарды түзүү.
2. Ветеринария жаатындагы мыйзамдарды жана дагы башка ченемдик
укуктук актыларды кабыл алуу.
3. Эпизоотиялык ыњгайлуу абалды камсыз кылууга арналган мамлекет-
тик максаттуу программаларды кабыл алуу.
4. Мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча
башкаруу органдарынын эпизоотиялык ыњгайлуу абалды камсыз кылуу боюнча иштерин координациялоо. Жаныбарлардын өтө коркунучтуу жугуштуу оорулары чыккан жана жалпы таралуу коркунучу пайда болгон учурларда аны жоюу боюнча шашылыш чара көрүү максатында кысталыш шарттарда чечим кабыл алуу зарыл болгондо коргонуу, ички иштер, финансы жана башка маселелерди тейлеген аткаруу бийлигинин органдарынын өкүлдөрү кирген эпизоотияга каршы комиссия түзүү.
5. Эпизоотияны жоюу үчүн материалдык жана башка резервдерди түзүү.
6. Кыргыз Республикасынын аймагында ветеринариялык коргоону камсыз
кылуу.
7. Кыргыз Республикасынын аймагында карантин же дагы башка чектөө
иш-чараларын киргизүү жана алып салуу.
8. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чегарасы аркылуу өткөрүү
пункттарында ветеринариялык контролду киргизүү жана алып салуу.
9. Ветеринариялык биологиялык дары-дармектерди жана башка ветери-
нариялык дары каражаттарын өндүрүүгө жана сапатына контролду жүзөгө ашыруучу органды белгилөө.
10. Мамлекеттик ветеринария органдарынын ишин каржылоонун базалык
өлчөмүнө, анын ичинде ветеринария жаатындагы милдеттүү акысыз кызмат көрсөтүү жагынан кепилдиктерди камсыз кылуу.
11. Ветеринария жаатында илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүнү, ветерина-
риялык адистерди даярдоону жана квалификациясын жогорулатууну камсыз кылуу.
12. Ветеринария жаатындагы мамлекеттик жана тармактык стандарттар-
ды, ветеринариялык эрежелерди, юридикалык жактын, жеке ишкерлердин жана Кыргыз Республикасынын жарандарынын аткарышы үчүн милдеттүү болгон ве- теринария жаатындагы дагы башка ченемдик укуктук актыларды белгилөө жа- гынан мамлекеттик ченемдик жөнгө салуу. Ветеринардык кызмат көрсөтүү боюнча мамлекеттик стандарттарды, ве- теринариялык эрежелерди сактабоо алардын ишин токтото турууга же вете- ринариялык практикага берилген лицензиясын Кыргыз Республикасынын мый- замдарында белгиленген тартипте алып коюуга негиз болуп саналат. Ветеринариялык иш-чаралардын (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) сапатына мамлекеттик стандарттардын сакталышы үчүн контролдук кылуу мамлекеттик ветеринарияны башкаруунун республикалык, областтык, район- дук жана шаардык органдары тарабынан жүзөгө ашырылат.
13. Ветеринариялык практиканы лицензиялоо.
Берененин тексти 30.12.2014 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1658/st-7" title="7-статья - Ветеринария жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>