Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин алдындагы Мамлекеттик ветеринария департаменти жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2011-жылдын 5-октябры № 616 Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин алдындагы Мамлекеттик ветеринария департаменти жөнүндө жобону бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасында ветеринария ишин башкаруу максатында, Кыргыз Республикасынын "Ветеринария жөнүндө" Мыйзамынын 5-беренесине таянуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелгендер бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин алдындагы Мамлекеттик ветеринария департаменти жөнүндө жобо;
- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин алдындагы Мамлекеттик ветеринария департаментинин башкаруу схемасы.
2. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин алдындагы Мамлекеттик ветеринария департаментинин штатынын сандык чеги 1044 адам санында белгиленсин (техникалык жана кенже тейлөөчү персоналдан башкалары).
3. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин алдындагы Мамлекеттик ветеринария департаментинин уюштуруу, финансылык жана башка маселелерин 2011-жылга республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде бир айлык мөөнөттө белгиленген тартипте чечсин;
- Мамлекеттик чек арадагы жана транспорттогу мамлекеттик ветеринариялык башкы башкарма жөнүндө жобону эки айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна белгиленген тартипте киргизсин.
4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп эсептелсин:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 4-августундагы № 562 "Ветеринария жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу" токтомунун 3-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 11-августундагы № 436 "Кыргыз Республикасынын ветеринардык кызматынын уюштуруу түзүмү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-октябрындагы № 649 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 2-июнундагы № 60 "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин алдындагы Мамлекеттик ветеринария инспекциясы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө тапшырылсын.
Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри, Премьер-министрдин милдетин аткаруучу
Ө.Бабанов
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-октябрындагы № 616 токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин алдындагы Мамлекеттик ветеринария департаментинин
БАШКАРУУ СХЕМАСЫ
┌─────────────────────────────────────────┐ │ Кыргыз Республикасынын Айыл чарба │ │ министрлигинин алдындагы Мамлекеттик │ │ ветеринария департаменти │ └──────────────────┬──────────────────────┘
V
| V V ┌───────────────┐ ┌─────────────┐ Мамлекеттик ветеринариянын зоналык башкармалары └───────┬───────┘ V ┌───────────────┐ └─────────────┘ Мамлекеттик ветеринариянын райондук башкармалары, 40 башкарма └───────┬───────┘ V └─────────────┘ ┌───────────────┐ Мамлекеттик ветеринариянын шаардык башкармалары, 13 башкарма └───────────────┘ | V V ┌─────────────┐ ┌───────────────┐ санитария башкармасы ┌─────────────┐ башкармасы контролдоочу пункттар └─────────────┘ 20 борбор | Бишкек шаардык мамлекеттик ветеринария- башкы Мамлекеттик ветеринария- нын Ош шаардык V ┌───────────────┐ Ветеринариялык диагностиканын райондор аралык жана райондук борборлору, | ┌───────────────┐ башкармасы <─┘ ┌─────────────┐ ветеринардык | ветеринария- лык контроль └──────┬──────┘ V борборлору, Чек арадагы └───────┬───────┘ | Чек арадагы жана транспорттогу мамлекеттик └───────┬───────┘ V Ветеринариялык диагностиканын зоналык | 6 борбор | Ветеринариялык диагностиканын республикалык борбору |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 6 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (6)
- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин алдындагы Мамлекеттик ветеринария департаменти жөнүндө ЖОБО (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-октябрындагы № 616…Положение · 05.10.2011 · № 616
- Кыргыз Республикасынын кмтнн 2006-жылдын 4-августундагы №562 "Ветеринария жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу" токтомуПостановление · 04.08.2006 · № 562 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 140 "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 20.02.2012 · № 140 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн токтому 2008-жылдын 11-августу № 436 ( Кыргыз Республикасынын ветеринардык кызматынын уюштуруу түзүмү жөнүндө)Постановление · 11.08.2008 · № 436 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын УО 2010-жылдын 2-июлунун №60 " Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин алдындагы Мамлекеттик ветеринария инспекциясы жөнүндө жобону бекитүү…Постановление · 02.06.2010 · № 60 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-октябрындагы №649 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 19.10.2009 · № 649 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (5)
- КР Өкмөтүнүн токтому 2008-жылдын 11-августу № 436 ( Кыргыз Республикасынын ветеринардык кызматынын уюштуруу түзүмү жөнүндө)Постановление · 11.08.2008 · № 436 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын кмтнн 2006-жылдын 4-августундагы №562 "Ветеринария жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу" токтомуПостановление · 04.08.2006 · № 562 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын УО 2010-жылдын 2-июлунун №60 " Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин алдындагы Мамлекеттик ветеринария инспекциясы жөнүндө жобону бекитүү…Постановление · 02.06.2010 · № 60 · Күчүн жоготкон
- Ветеринария жөнүндөЗакон · 12.04.2005 · № 61 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-октябрындагы №649 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 19.10.2009 · № 649 · Күчүн жоготкон