12-статья. Ветеринардык-санитардык экспертизалар, изилдөөлөр жана
Күчүн жоготкон · 30.12.2014 редакциясы · 2-БӨЛҮМ
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 30 декабря 2014 года № 175.
сертификациялык сыноолор
1. Ветеринардык-санитардык экспертизалар, изилдөөлөр жана сертифи-
кациялык сыноолор Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ветеринарияны баш- каруу органдары, кызмат адамдары, уюмдары жана мекемелери (эксперттери) тарабынан аныкталган мамлекеттик аткаруу бийлик органы, ветеринария ма- селелерин тейлөөчү мамлекеттик ветеринарияны башкаруунун республикалык органы белгилеген усул жана тартип боюнча төмөндөгүлөрдү белгилөө мак- сатында жүргүзүлөт:
- жаныбарлардын жугуштуу жана жалпы тараган жугуштуу эмес оорула-
рынын пайда болушунун жана таралышынын, тамак-аштан уулануулардын (оо- руга чалдыгыуунун) себептерин;
- долбоорлоо ченемдеринин, долбоордук жана пайдаланылуучу доку-
менттердин, ветеринариялык көзөмөлдөгү объекттердин, жаныбарлардан алы- нуучу азыктардын, тоюттардын, ветеринариялык эрежелерде жана ченемдерде каралган ветеринариялык каражаттардын ылайык келишин (ылайык келбешин).
2. Ветеринардык-санитардык экспертизалардын, изилдөөлөрдүн, серти-
фикациялык сыноолордун аныкталган тартипте жол-жоболоштурулган жыйын- тыктары башкы мамлекеттик ветеринариялык инспекторлордун өз ыйгарым укуктарына ылайык ветеринардык-санитардык корутундуларды, ветеринария- лык сертификаттарды же күбөлүктөрдү беришине, ветеринардык кызматтын контролу астында турган азыктарды (товарларды) ташып чыгууга, анын ичинде экспорттоого негиз болот.
Берененин тексти 30.12.2014 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
12-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Бул актынын ага шилтеме берген беренелери
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1658/st-12" title="12-статья - Ветеринария жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>