13-статья. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ветеринария
Күчүн жоготкон · 30.12.2014 редакциясы · 2-БӨЛҮМ
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 30 декабря 2014 года № 175.
органдарынын Мамлекеттик ветеринариялык көзөмөл жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу кызмат адамдары
1. Ушул Мыйзамга ылайык башкаруу органдарынын, ветеринариялык ме-
кемелердин жана уюмдардыы, мамлекеттик ветеринариянын башка ветеринари- ялык жана ветеринардык-санитардык бөлүмдөрүнүн атынан мамлекеттик вете- ринариялык көзөмөл жүргүзүүгө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик вете- ринария органдарынын (мамлекеттик ветеринария кызматынын) ыйгарым укук берилген кызмат адамдары (мындан ары - мамлекеттик ветеринариялык көзөмөл жүргүзүүчү кызмат адамдары) болуп төмөндөгүлөр саналышат:
- мамлекеттик ветеринарияны башкаруунун республикалык органынын
жетекчиси - Кыргыз Республикасынын башкы мамлекеттик ветеринариялык инспектору жана анын орун басарлары;
- администрациялык-аймактык түзүлүштөрдүн, уюмдардын жана мекеме-
лердин мамлекеттик ветеринариянын башкаруу органдарынын жетекчилери жа- на алардын орун басарлары. Мамлекеттик ветеринариялык көзөмөл жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу адистердин тизмени, аны жүзөгө ашыруу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик вете- ринариялык көзөмөл жөнүндөгү жобо менен жүзөгө ашырылат.
2. Мамлекеттик ветеринариялык көзөмөлдү жүзөгө ашыруучу кызмат
адамдары көзкарандысыз болушат, ветеринариялык мыйзамдарды жетекчиликке алышат, мамлекеттин коргоосунда болушат, мамлекеттик органдардын, кыз- мат адамдарынын, коомдук уюмдардын жана жарандардын алардын мыйзамдуу ишине тоскоолдук кылуу же чыгарган чечимдерине таасир этүү максатындагы аракеттери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке кириптер кылат.
Берененин тексти 30.12.2014 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
13-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1658/st-13" title="13-статья - Ветеринария жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>