7-статья. Жарандык абалдын актысын жазуу
Күчүн жоготкон · 01.08.2020 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 1 августа 2020 года № 110.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 23 июля 2016 года № 132
1. Жарандык абалдын актысынын жазуусун түзүү үчүн жарандык абалдын актысын мамлекеттик каттоо үчүн негиз болуп саналган документтер жана арыз берүүчүнүн инсандыгын ырастоочу документ көрсөтүлүүгө тийиш, атап айтканда:
туулгандыгын, аталыкты белгилөөнү, никеге турууну, никени бузууну, фамилиясын, атын, атасынын атын өзгөртүүнү, асырап алууну, актылык жазууну калыбына келтирүүнү жана өзгөртүүнү мамлекеттик каттоодо:
- паспорту (ID-карты);
- консулдук эсепке алуу жөнүндө белги коюлган жалпы жарандык паспорту (туулгандыгы жөнүндө күбөлүгү болгондо);
- офицердин инсандыгынын күбөлүгү;
- жарандыгы жок жактар үчүн жашай туруу укугу;
- чет өлкөлүк жарандын паспорту;
экинчи жолу берилүүчү күбөлүктү алууда:
- паспорту (ID-карты);
- консулдук эсепке алуу жөнүндө белги коюлган жалпы жарандык паспорту;
- офицердин инсандыгынын күбөлүгү;
- жарандыгы жок жактар үчүн жашай туруу укугу;
- чет өлкөлүк жарандын паспорту;
- эркинен ажыратуу жайларынан бошотулгандыгы жөнүндө маалымкаты.
Эгерде Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, чет мамлекеттердин компетенттүү органдары тарабынан берилген, жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо үчүн берилген, жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо фактысын күбөлөндүргөн/ырастаган Кыргыз Республикасынын жарандарынын, чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын документтери легалдаштырылууга же апостилдештирилүүгө жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана расмий тилдерине которулууга тийиш. Жогоруда көрсөтүлгөн документтерди которууну жүзөгө ашырган котормочунун колунун аныктыгы нотариалдык күбөлөндүрүлүүгө тийиш.
2. Жарандык абалдын актысын жазуу бирдей эки нускада түзүлөт.
3. Жарандык абалдын актысын жазуунун ар бири арыздануучу тарабынан окулууга, ага арыздануучу кол коюуга, жарандык абалдын актысын жазуу органынын мөөрү менен күбөлөндүрүлүүгө тийиш. Жарандык абалдын актысын жазуу органынын мөөрүндө Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлөт жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана расмий тилдеринде жарандык абалдын актыларын жазуу органынын аталышы жазылат.
4. Жыл ичинде түзүлгөн жарандык абалдын актыларын жазуунун биринчи нускалары (жарандык абалдын актыларын жазуунун ар бир түрү боюнча өзүнчө) хронологиялык тартипте жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо китебине (акт китебине) чогултулат. Жазуулардын экинчи нускалары акт китебине ушундай эле тартипте чогултулат.
(КР 2006-жылдын 4-августундагы № 147, 2016-жылдын 23-июлундагы № 132 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 01.08.2020 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
7-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 23 июля 2016 года № 132 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Закон Кыргызской Республики "Об актах гражданского состояния", Семейный кодекс Кыргызской Республики)"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 4 августа 2006 года № 147 "О внесении изменений и дополнения в Закон Кыргызской Республики "Об актах гражданского состояния"Редакцияларды салыштыруу
23.07.2016 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
Жарандык абалдын актысын жазуу
1. Жарандык абалдын алынып салынды: актысын жазуу кошулду: актысынын жазуусун түзүү үчүн жарандык абалдын актысын мамлекеттик каттоо үчүн негиз болуп саналган документтер жана арыз берүүчүнүн инсандыгын ырастоочу документ көрсөтүлүүгө алынып салынды: тийиш.
Чет мамлекеттин кошулду: тийиш, атап айтканда:
туулгандыгын, аталыкты белгилөөнү, никеге турууну, никени бузууну, фамилиясын, атын, атасынын атын өзгөртүүнү, асырап алууну, актылык жазууну калыбына келтирүүнү жана өзгөртүүнү мамлекеттик каттоодо:
- паспорту (ID-карты);
- консулдук эсепке алуу жөнүндө белги коюлган жалпы жарандык паспорту (туулгандыгы жөнүндө күбөлүгү болгондо);
- офицердин инсандыгынын күбөлүгү;
- жарандыгы жок жактар үчүн жашай туруу укугу;
- чет өлкөлүк жарандын паспорту;
экинчи жолу берилүүчү күбөлүктү алууда:
- паспорту (ID-карты);
- консулдук эсепке алуу жөнүндө белги коюлган жалпы жарандык паспорту;
- офицердин инсандыгынын күбөлүгү;
- жарандыгы жок жактар үчүн жашай туруу укугу;
- чет өлкөлүк жарандын паспорту;
- эркинен ажыратуу жайларынан бошотулгандыгы жөнүндө маалымкаты.
Эгерде Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, чет мамлекеттердин компетенттүү органдары тарабынан алынып салынды: берилген жана кошулду: берилген, жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо үчүн кошулду: берилген, жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо фактысын күбөлөндүргөн/ырастаган Кыргыз Республикасынын жарандарынын, чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок алынып салынды: жактардын документтери, эгерде мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эларалык келишимдер менен башкача каралбаса, жарактуу кылынууга кошулду: адамдардын документтери легалдаштырылууга же апостилдештирилүүгө жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана расмий тилдерине которулууга тийиш. Жогоруда көрсөтүлгөн алынып салынды: документтердин котормосун ишке кошулду: документтерди которууну жүзөгө ашырган котормочунун колунун аныктыгы алынып салынды: нотариус тарабынан күбөлөндүрүлүшү керек.
кошулду: нотариалдык күбөлөндүрүлүүгө тийиш.
2. Жарандык абалдын актысын жазуу бирдей эки нускада түзүлөт.
3. Жарандык абалдын актысын жазуунун ар бири арыздануучу тарабынан окулууга, ага арыздануучу алынып салынды: жана жарандык абалдын актысын жазуу органынын жазган кызматкери кол коюуга, жарандык абалдын актысын жазуу органынын мөөрү менен … ушундай эле тартипте чогултулат.
(КР 2006-жылдын 4-августундагы № алынып салынды: 147 Мыйзамынын редакциясына кошулду: 147, 2016-жылдын 23-июлундагы № 132 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1655/st-7" title="7-статья - Жарандык абалдын актылары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>