Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын «Жарандык абалдын актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралу» мыйзамы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Закон КР от 1 августа 2020 года № 110 "Об актах гражданского состояния"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2020-08-01.
КР 2020-жылдын 1-августундагы № 110 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары 2006-жылдын 4-августу № 147
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Жарандык абалдын актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралу
2006-жылдын 16-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан кабыл алынган
1-статья.
"Жарандык абалдын актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйза- мына ("Эркинтоо" гезити, 2005-жылдын 19-апрели, № 33") төмөнкүдөй өз- гөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
1. 7-статьянын биринчи пунктунун экинчи абзацындагы "Котормонун
тууралыгы нотариус тарабынан күбөлөндүрүлүшү керек" деген сөздөр "Жого- руда көрсөтүлгөн документтердин котормосун ишке ашырган котормочунун колунун аныктыгы нотариус тарабынан күбөлөндүрүлүшү керек" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. 9-статьянын 2-пунктунун үчүнчү абзацы төмөнкү редакцияда баян-
далсын: "- өлгөн адамдын тууганына жарандык абалдын актысы мурда ага кара- та түзүлгөн".
3. 10-статьянын экинчи абзацы алып салынсын.
4. 14-статьянын 1-пунктунун төртүнчү абзацы "төрөгөн учурда," де-
ген сөздөрдөн кийин "ошондой эле башка далилдер" деген сөздөр менен то- лукталсын.
5. 41-статьядагы "соттун баланы асырап алуу жөнүндө мыйзамдуу
күчүнө кирген" деген сөздөр "жергиликтүү мамлекеттик администрациянын, шаардын мэриясынын же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында алдын - ала каралган учурларда, соттун баланы асырап алуу жөнүндө мыйзамдуу күчүнө кирген чечими (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган)" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
6. 43-статьянын 2-пунктундагы "ушул чечимди чыгарган соттон" деген
сөздөр алып салынсын.
7. 42, 43, 44, 46 жана 47-статьялардагы "соттун" деген сөз "ыйга-
рым укуктуу органдын" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
8. 47-статьядагы "ата-энелер" (атасы же энеси) тарабынан",
"ата-энеси (атасы же энеси) жөнүндө" деген сөздөр тийиштүү түрдө "ата-энеси тарабынан", "атасы же энеси жөнүндө" деген сөздөр менен ал- маштырылсын.
9. 52-статьянын 5-пункту алып салынсын.
10. 53-статьянын 1-пунктундагы "ошондой эле аталыгын аныктоого кө-
зөмөлчүлүк жана камкордук органынын макулдугу бар учурда" деген сөздөр "көзөмөлчүлүк жана камкордук органынын макулдугу менен, ал эми мындай макулдук жок учурда - соттун чечими боюнча" деген сөздөр менен алмашты- рылсын.
2-статья.
Ушул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти К. Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Жарандык абалдын актылары жөнүндөЗакон · 01.08.2020 · № 110
- Жарандык абалдын актылары жөнүндөЗакон · 12.04.2005 · № 60 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (1)
- Жарандык абалдын актылары жөнүндөЗакон · 01.08.2020 · № 110