6-статья. Жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо
Күчүн жоготкон · 01.08.2020 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 1 августа 2020 года № 110.
1. Жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо жарандардын мүлктүк жана жеке мүлктүк эмес укуктарын сактоо, ошондой эле мамлекеттин таламын көздөө максатында белгиленет.
2. Жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо жарандык абалдын актыларын жазуу органы тарабынан анын негизинде жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүк берилген жарандык абалдын актыларын тиешелүү жазуу аркылуу жүргүзүлөт.
3. Туулуу, никеге туруу, никени бузуу, асырап алуу, аталыкты аныктоо, фамилияны, атты, атасынын атын өзгөртүү же өлгөндүгү жөнүндө жазуу актысына киргизилүүчү жана күбөлүктүн жазууларынын маалыматтарынын негизинде берилүүчү маалыматтар ушул Мыйзам менен аныкталат. Жарандык абалдын актысынын жазуусуна айкын жарандык абалдык актысын мамлекеттик каттоонун өзгөчө жагдайлары менен шартталган башка маалыматтар да киргизилиши мүмкүн.
4. Жарандык абалдын актыларын жазуунун бланктарынын жана бланктардын жазууларынын маалыматтарынын негизинде берилүүчү күбөлүктөрдүн формалары, аларды толтуруунун тартиби; жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоонун фактысын тастыктоочу бланктардын жана башка документтердин формалары, ошондой эле жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо жөнүндө арыздардын бланктарынын формалары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
Герб түшүрүлгөн кагазга басмакана ыкмасы менен басылган жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктөрдүн бланктары катуу отчеттуулуктун документи болуп саналат; мындай ар бир бланктын сериясы жана номуру болот.
5. Жарандык абалдын актыларын жазуу органдарындагы иш кагаздары Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана расмий тилдеринде жүргүзүлөт.
6. Жарандык абалдын актыларын жазуу органынын кызматкери өзүнө, өзүнүн жубайына, жубайынын жана өзүнүн туугандарына (ата-энелери, балдары, неберелери, чоң атасы-таятасы, чоң энеси-таенеси, биртууган ага-инилери жана эже-карындаштары) жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоону жүргүзүүгө укуксуз. Мындай учурларда жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо жарандык абалдын актыларын жазуу органынын башка кызматкери тарабынан же жарандык абалдын актыларын жазуунун башка органында жүргүзүлөт.
7. Жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоонун тууралыгы жана жарандык абалдын актыларын жазуунун сапаты үчүн жоопкерчилик жарандык абалдын актыларын жазуунун тиешелүү органынын жетекчисине жүктөлөт.
Берененин тексти 01.08.2020 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
6-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-майындагы № 294 "Жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тууралуу арыздардын бланктарынын формаларын, жарандык абалдын актыларын жазуу…Постановление · 17.05.2017 · № 294 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-майындагы № 294 токтомуПостановление · 17.05.2017 · № 294
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1655/st-6" title="6-статья - Жарандык абалдын актылары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>