Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына („Жарандык абалдын актылары жөнүндө“ Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Үйбүлө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2016-жылдын 23-июлу № 132 Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Жарандык абалдын актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Үйбүлө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (КР 2020-жылдын 1-августундагы № 110 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1-берене. (КР 2020-жылдын 1-августундагы № 110 Мыйзамына ылайык күчүн жоготот)
2-берене. Кыргыз Республикасынын Үйбүлө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 1, 1-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 64-статьяда: 1-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын: "Аны дайынсыз жоголгон деп табуу, аны ата-энелик укуктарынан ажыратуу, аны аракетке жөндөмсүз деп табуу жөнүндө соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечимин берүүдө ата-эненин пикирин эске алуу милдеттүү эмес."; 3-пункт күчүн жоготту деп таанылсын.
3-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
А.Ш. Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 3
Цитата келтиргендер (3)
- Жарандык абалдын актылары жөнүндөЗакон · 01.08.2020 · № 110
- Үйбүлө кодексиКодекс · 30.08.2003 · № 201
- Жарандык абалдын актылары жөнүндөЗакон · 12.04.2005 · № 60 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Жарандык абалдын актылары жөнүндөЗакон · 01.08.2020 · № 110
- Үйбүлө кодексиКодекс · 30.08.2003 · № 201
Байланышкан документтер (3)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Граждандык КодексиКодекс · 08.05.1996 · № 15
- Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндөКодекс · 10.07.2012 · № 100
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон