62-статья. Атын өзгөртүүнү мамлекеттик каттоонун тартиби
Күчүн жоготкон · 01.08.2020 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 1 августа 2020 года № 110.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 5 июня 2018 года № 60
1. Атын өзгөртүүнү мамлекеттик каттоо атын өзгөртүү жөнүндөгү арыздын негизинде жүргүзүлөт.
2. Атын өзгөртүү жөнүндөгү арыз жарандык абалдын актыларын жазуу органы тарабынан арыз берилген күндөн тартып он жумушчу күндүн ичинде каралууга тийиш.
Жүйөлүү себептер болгондо (өзгөртүү киргизүү зарыл болгон жарандык абалдын акт жазууларынын көчүрмөлөрү алынбай калса) атын өзгөртүү жөнүндөгү арызды кароонун мөөнөтү жарандык абалдын актыларын жазуу органынын жетекчиси тарабынан эки айдан ашпаган убакытка узартылышы мүмкүн.
3. Атын өзгөртүү жөнүндөгү арыз келип түшкөндө жарандык абалдын актыларын жазуу органы атын өзгөртүүгө байланыштуу оңдоо киргизүү зарыл болгон жарандык абал акт жазууларынын көчүрмөлөрүн алардын сакталып турган жери боюнча жарандык абалдын актыларын жазуу органдарынан суратып алат.
4. Эгерде атын өзгөртүүгө, жоготуп койгондугуна, атын өзгөртүүнү мамлекеттик каттоого байланыштуу өзгөртүү киргизүү зарыл болгон жарандык абалдын актыларын жазуу жарандык абалдын акт жазууларын калыбына келтирүү үчүн ушул Мыйзамда белгиленген тартипте каттоону калыбына келтиргенден кийин гана жүргүзүлөт.
Эгерде атын өзгөртүү жөнүндө арыз менен кошо берилген документтерде жана жарандык абалдын акт жазууларынын келип түшкөн көчүрмөлөрүндө маалыматтар дал келбесе, мындай дал келбестик жарандык абалдын акт жазууларын оңдоо жана өзгөртүү киргизүү үчүн ушул Мыйзамда белгиленген тартипте четтетилүүгө тийиш. Жарандык абалдын акт жазууларын калыбына келтирүү же өзгөртүү киргизүү зарылчылыгы болсо, ушул статьянын 2-пунктунда белгиленген мөөнөттө калыбына келтирүү жөнүндөгү, болбосо жарандык абалдын акт жазууларына оңдоо же өзгөртүү киргизүү тууралу маселе чечилгенге чейин токтотулуп турат.
5. Эгерде атын өзгөртүү мамлекеттик каттоодон баш тартылса жарандык абалдын актыларын жазуу органынын жетекчиси баш тартуунун себебин атын өзгөртүүнү каалаган адамга жазуу жүзүндө билдирүүгө милдеттүү. Атын өзгөртүү жөнүндөгү арыз менен кошо берилген документ кайтарылып берилүүгө тийиш.
6. Жарандык абалдын актыларын жазуу органы атын өзгөртүүнү мамлекеттик каттоо жөнүндө арыз берүүчүнүн жашап турган жери боюнча ички иштер органына жана аскер комиссариатына атын өзгөртүүнү мамлекеттик каттоо жүргүзүлгөндөн тартып үч күндүк мөөнөт ичинде билдирүүгө милдеттүү.
(КР 2016-жылдын 23-июлундагы № 132, 2018-жылдын 5-июнундагы № 60 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 01.08.2020 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
62-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 5 июня 2018 года № 60 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Семейный кодекс Кыргызской Республики, законы Кыргызской Республики "Об актах гражданского состояния", "О всеобщей воинской обязанности граждан Кыргызской Республики, о военной и альтернативной службах")"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 23 июля 2016 года № 132 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Закон Кыргызской Республики "Об актах гражданского состояния", Семейный кодекс Кыргызской Республики)"Редакцияларды салыштыруу
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1655/st-62" title="62-статья - Жарандык абалдын актылары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>