61-статья. Атын өзгөртүү жөнүндөгү арыз
Күчүн жоготкон · 01.08.2020 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 1 августа 2020 года № 110.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 23 июля 2016 года № 132
Атын өзгөртүү жөнүндөгү арыз жазуу жүзүндө жарандык абалдын актыларын жазуу органына берилет. Мындай арызда төмөндөгүдөй маалыматтар көрсөтүлүүгө тийиш:
- арыз берүүчүнүн жеке идентификациялык номуру, фамилиясы, өз аты, атасынын аты, туулган датасы жана жери, жарандыгы, улуту, жашаган жери, үй-бүлөлүк абалы (никеде турабы же жокпу, жесирби, ажырашканбы);
- арыз берүүчүнүн жашы жете элек балдарынын ар биринин фамилиясы, аты, атасынын аты, туулган датасы;
- арыз берүүчүгө карата жана анын жашы жете элек ар бир баласына карата мурда түзүлгөн жарандык абалдын актысындагы жазуулардын реквизиттери;
- атын өзгөртүүнү каалаган адам тандап алган фамилиясы, өз аты жана (же) атасынын аты;
- фамилиясый, өз атын жана (же) атасынын атын өзгөртүүнүн себептери.
Атын өзгөртүүнү каалаган адам атын өзгөртүү жөнүндөгү арызга кол коет жана аны түзгөн дата көрсөтүлөт. Ушундай арыз менен кошо төмөндөгүдөй документтер берилүүгө тийиш:
- арыздануучунун инсандыгын ырастоочу документ;
- атын өзгөртүүнү каалаган адамдын туулгандыгы жөнүндө күбөлүк;
- эгерде арыз берүүчү никеде турган болсо, никеге тургандыгы жөнүндөгү күбөлүк;
- эгерде арыз берүүчү никенин бузулгандыгына байланыштуу ага үйлөнгөнгө чейинки фамилиясын ыйгаруу жөнүндө өтүнүч кылынса, никенин бузулгандыгы жөнүндөгү күбөлүк;
- арыз берүүчүнүн жашы жете элек ар бир баласынын туулгандыгы жөнүндө күбөлүк.
(КР 2016-жылдын 23-июлундагы № 132 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 01.08.2020 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
61-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 23 июля 2016 года № 132 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Закон Кыргызской Республики "Об актах гражданского состояния", Семейный кодекс Кыргызской Республики)"Редакцияларды салыштыруу
23.07.2016 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…арыз менен кошо төмөндөгүдөй документтер берилүүгө тийиш: - кошулду: арыздануучунун инсандыгын ырастоочу документ; - атын өзгөртүүнү каалаган адамдын туулгандыгы жөнүндө күбөлүк; - … жашы жете элек ар бир баласынын туулгандыгы жөнүндө күбөлүк. кошулду: (КР 2016-жылдын 23-июлундагы № 132 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1655/st-61" title="61-статья - Жарандык абалдын актылары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>