60-статья. Атын өзгөртүү
Күчүн жоготкон · 01.08.2020 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 1 августа 2020 года № 110.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 5 июня 2018 года № 60
1. Он алты жашка чыккан адам өзүнүн фамилиясы, жеке аты жана (же) атасынын аты менен кошо өзүнүн атын өзгөртүүгө укуктуу.
2. Атын өзгөртүү фамилиясын, өзүнүн атын жана (же) атасынын атын өзгөртүүнү каалаган адамдын жашаган жери боюнча жарандык абалдын актыларын жазуу же туулгандыгын мамлекеттик каттоо жүргүзгөн жериндеги орган тарабынан жүргүзүлөт.
3. Он алты жашка чыга элек жактын атын өзгөртүү ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын Үйбүлө кодексине ылайык жүргүзүлөт. Ата-эненин дайынсыз жок болгондугун таануу, аны ата-энелик укуктарынан ажыратуу, анын аракетке жөндөмсүз экендигин таануу жөнүндө соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими берилген учурда ата-эненин пикирин эске алуу милдеттүү эмес.
Баланын ата-энеси тарабынан жарандык абалдын актыларын жазуу органына баланын атын, фамилиясын жана атасынын атын өзгөртүү жөнүндө биргелешкен арыз берилет. Баланын ата-энеси тарабынан баланын фамилиясын, атын, атасынын атын өзгөртүү жөнүндө биргелешкен арыз берүү мүмкүн болбогон учурда, эркин билдирүү атасынын жана энесинин өзүнчө арыздары менен жол-жоболоштурулат. Мындай арыздагы кол тамганын аныктыгы нотариуста күбөлөндүрүлүүгө тийиш. Эркин билдирүүсү өзүнчө арыз менен жол-жоболоштурулган ата-эненин арызы башка ата-эненин арызы менен бир убакта жарандык абалдын актыларын түзүү органына берилет. Фамилиясын, атын, атасынын атын өзгөртүүнү каттоодо ата-энелердин бири катышууга милдеттүү.
4. Атын өзгөртүү жарандык абалдын актыларын жазуу органдарындагы мамлекеттик каттоого жатат.
(КР 2016-жылдын 23-июлундагы № 132, 2018-жылдын 5-июнундагы № 60 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 01.08.2020 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
60-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 5 июня 2018 года № 60 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Семейный кодекс Кыргызской Республики, законы Кыргызской Республики "Об актах гражданского состояния", "О всеобщей воинской обязанности граждан Кыргызской Республики, о военной и альтернативной службах")"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 23 июля 2016 года № 132 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Закон Кыргызской Республики "Об актах гражданского состояния", Семейный кодекс Кыргызской Республики)"Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Үйбүлө кодексиКодекс · 30.08.2003 · № 201
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1655/st-60" title="60-статья - Жарандык абалдын актылары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>