36-статья. Жубайлардын биринин арызы боюнча никенин бузулушун мамлекеттик каттоонун тартиби
Күчүн жоготкон · 01.08.2020 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 1 августа 2020 года № 110.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 5 июня 2018 года № 60
1. Жубайлардын биринин арызы боюнча никенин бузулушу, эгерде экинчи жубай:
- сот тарабынан дайынсыз деп табылса;
- сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп табылса;
- кылмыш жасагандыгы үчүн үч жылдан ашуун мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга соттолсо, жарандык абалдын актыларын жазуу органы тарабынан жүргүзүлөт.
2. Ушул статьянын 1-пунктунда каралган учурларда никенин бузулушун мамлекеттик каттоо никенин бузулушун каалаган жубайлардын биринин арызы боюнча жүргүзүлөт.
Никенин бузулушу жөнүндөгү арызда төмөнкүдөй маалыматтар көрсөтүлүүгө тийиш:
- никенин бузулушун каалаган жубайдын жеке идентификациялык номуру, фамилиясы, аты, атасынын аты, туулган датасы жана жери, жарандыгы, улуту, жашаган жери;
- ушул статьянын 1-пунктунда көрсөтүлгөн никенин бузулушу үчүн негиз;
- экинчи жубайдын фамилиясы, аты, атасынын аты, туулган датасы жана жери, жарандыгы, белгилүү болгон акыркы жашаган жери;
- никеге туруу жөнүндөгү акт жазуусунун реквизиттери;
- никенин бузулушун каалаган жубай тандап алган фамилия;
- никенин бузулушун каалаган жубайдын инсандыгын ырастаган документтин реквизиттери;
- аракетке жөндөмсүз жубайдын камкорчусунун же дайынсыз кеткен жубайдын мүлкүн башкаруучунун жашаган жери, болбосо соттолгон жубай жазасын өтөп жаткан жаза мекемесинин жайгашкан орду.
Никенин бузулушун каалаган жубай арызга кол коет жана ал түзүлгөн датаны көрсөтөт. Никенин бузулушу жөнүндө арыз менен бир эле убакта:
- экинчи жубайды дайынсыз же аракетке жөндөмсүз деп табуу жөнүндө соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими, болбосо экинчи жубайды үч жылдан ашуун мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга соттолгондугу тууралу соттун өкүмү;
- арыз ээсинин инсандыгын ырастаган документ берилүүгө тийиш.
3. Жубайлардын биринин арызы боюнча никенин бузулушун мамлекеттик каттоо никенин бузулушу жөнүндө арыз берилген күндөн тартып бир ай өткөндөн кийин анын катышуусу менен жүргүзүлөт.
4. Никенин бузулушу жөнүндө арызды кабыл алган жарандык абалдын актысын жазуу органы жазасын өтөп жаткан жубайга, болбосо аракетке жөндөмсүз жубайдын камкорчусуна же дайынсыз кеткен жубайдын мүлкүн башкаруучуга, ал эми алар жок болгон учурда түшкөн арыз жана никенин бузулушун мамлекеттик каттоо үчүн белгиленген дата тууралу камкордук жана көзөмөлдүк органына үч күндүк мөөнөт ичинде маалымдайт.
Эгерде нике аракетке жөндөмсүз же үч жылдан ашуун мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга соттолгон жубай менен бузулса, маалымдамада никенин бузулушун мамлекеттик каттоо үчүн белгиленген датага чейин никенин бузулушунда ал тандап ала турган фамилияны билдирүүнүн зарылдыгы да көрсөтүлөт. (КР 2016-жылдын 23-июлундагы № 132, 2018-жылдын 5-июнундагы № 60 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 01.08.2020 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
36-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 5 июня 2018 года № 60 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Семейный кодекс Кыргызской Республики, законы Кыргызской Республики "Об актах гражданского состояния", "О всеобщей воинской обязанности граждан Кыргызской Республики, о военной и альтернативной службах")"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 23 июля 2016 года № 132 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Закон Кыргызской Республики "Об актах гражданского состояния", Семейный кодекс Кыргызской Республики)"Редакцияларды салыштыруу
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1655/st-36" title="36-статья - Жарандык абалдын актылары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>