37-статья. Никенин бузулушу жөнүндө соттун чечиминин негизинде никенин бузулушун мамлекеттик каттоонун тартиби
Күчүн жоготкон · 01.08.2020 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 1 августа 2020 года № 110.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 23 июля 2016 года № 132
1. Соттун чечиминин негизинде никенин бузулушун мамлекеттик каттоо соттун чечиминин көчүрмөсүнүн негизинде никеге турган мамлекеттик катталган жердеги, болбосо соттун чечиминен жазып алуунун жана мурдагы жубайлардын (алардын кимисинин болсун) арызынын же аракетке жөндөмсүз жубайдын камкорчусунун арызынын негизинде мурдагы жубайлар (алардын кимисинин болсун) жашаган жердеги жарандык абалдын актыларын каттоо органдарында жүргүзүлөт. Никенин бузулушун мамлекеттик каттоо жөнүндөгү арыз жазуу формасында берилет.
Эгерде мурдагы жубайлардын бири никенин бузулгандыгын жарандык абалдын актысын жазуу органына каттатып койсо, ал эми мурдагы башка жубай ошол эле жарандын абалдын актысын жазуу органына кийин кайрылса, бул жөнүндөгү маалымат мурдагы жубайдын никени бузуу тууралу алгачкы катталган акт жазуусуна киргизилет. Никенин бузулушун мамлекеттик каттоо жөнүндө арыз менен бир убакта никенин бузулушу жөнүндө соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими берилүүгө жана мурдагы жубайлардын (жубайлардын биринин) жубайдын инсандыгын ырастаган документтер берилүүгө тийиш.
2. Мурдагы жубайлар (жубайлардын ар бири) же аракетке жөндөмсүз жубайдын камкорчусу никенин бузулушун мамлекеттик каттоо жөнүндө арызданууга башка адамдарга жазуу формасында ыйгарым укук бере алышат.
3. Никенин бузулушуна нотариалдык күбөлөндүрүлгөн ишеним кат боюнча жол берилет, анын негизинде никени бузуу жөнүндө актылык жазуу түзүлөт. Никенин бузулушун мамлекеттик каттоо боюнча кызыкчылыктарды көрсөтүүгө жана никенин бузулушу жөнүндө күбөлүктү алууга ыйгарым укуктар ишеним катта атайын каралууга (эскертилүүгө) тийиш.
(КР 2016-жылдын 23-июлундагы № 132 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 01.08.2020 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
37-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 23 июля 2016 года № 132 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Закон Кыргызской Республики "Об актах гражданского состояния", Семейный кодекс Кыргызской Республики)"Редакцияларды салыштыруу
23.07.2016 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…киргизилет.
Никенин бузулушун мамлекеттик каттоо жөнүндө арыз менен алынып салынды: бирге эле кошулду: бир убакта никенин бузулушу жөнүндө соттун кошулду: мыйзамдуу күчүнө кирген чечими берилүүгө жана мурдагы жубайлардын (жубайлардын биринин) кошулду: жубайдын инсандыгын ырастаган документтер алынып салынды: көрсөтүлүүгө кошулду: берилүүгө тийиш.
2. Мурдагы жубайлар (жубайлардын ар бири) же аракетке … башка адамдарга жазуу формасында ыйгарым укук бере алышат.
3. алынып салынды: Мамлекеттик же жеке нотариус күбөлөндүргөн кошулду: Никенин бузулушуна нотариалдык күбөлөндүрүлгөн ишеним кат боюнча алынып салынды: жарандык абалдын актысын жазуу органы тарабынан жол алынып салынды: берилгендиктин кошулду: берилет, анын негизинде алынып салынды: никенин бузулушу никени бузуу жөнүндө алынып салынды: акт жазуусуна киргизилет.кошулду: актылык жазуу түзүлөт. Никенин бузулушун мамлекеттик каттоо боюнча кызыкчылыктарды көрсөтүүгө жана никенин бузулушу жөнүндө күбөлүктү алууга ыйгарым укуктар ишеним катта атайын каралууга (эскертилүүгө) тийиш.
(КР 2016-жылдын 23-июлундагы № 132 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1655/st-37" title="37-статья - Жарандык абалдын актылары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>