Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
25-статья. Адамдарды сатуунун курмандыктарына жардам берүү жана аларды коргоо боюнча чаралар
Күчүндө · 23.01.2023 редакциясы
Акыркы өзгөртүү: ЗАКОН Кыргызской Республики от 24 января 2023 года № 8
1. Изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашыруучу органдын, тергөөчүнүн, прокурордун, соттун жүйөлөштүрүлгөн өтүнмөсү боюнча, адамдарды сатуунун курмандыктарын кайра жиберүүнүн улуттук механизминин алкагында адамдарды сатуунун курмандыктарына аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары, башпаанектердин жана борборлордун ыйгарым укуктуу органы тарабынан ушул Мыйзамга жана башка ченемдик укуктук актыларга ылайык өздөрүнүн компетенциясына жараша жардам көрсөтүлүүгө тийиш.
2. Изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашыруучу органдын, тергөөчүнүн, прокурордун, соттун токтомунун негизинде маалымат берүүчү кызматтарда жана маалымат сурап билүү фонддордо адамдарды сатуунун курмандыктарынын ким экендиги жөнүндө маалыматтарды алуу жабык болууга тийиш.
3. Адамдарды сатуунун курмандыктары жөнүндө же адамдарды сатуунун курмандыктарынын же алардын жакын туугандарынын өмүрүнө, ден соолугуна коркунуч келтире турган, ошондой эле адамдарды сатуунун алдын алууга жана ага каршы күрөшүүгө көмөк көрсөтүп жаткан адамдар жөнүндө маалыматты жайылтууга жол берилбейт.
4. Эгерде адамдарды сатуунун курмандыктарынын өмүрүнө жана ден соолугуна чыныгы коркунуч туулса изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашыруучу органдын, соттун, прокурордун, тергөөчүнүн токтомунун негизинде ошол адамдын каалоосу боюнча атын, фамилиясын, атасынын атын, туулган датасын жана жерин Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн катышуучуларынын укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык өзгөртүүгө мүмкүнчүлүк берилиши керек.
5. Адамдарды сатуунун курмандыктарынын коопсуздук чаралары жана алар жөнүндөгү купуя маалыматтарды жарыя кылуу, ага тете кылмыш-жаза процессинин катышуучуларына карата колдонулуучу коопсуздук чаралары жөнүндө маалыматтарды жана алдынала териштирүү маалыматтарын жарыя кылуу Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык кысмакка алынат.
6. Аткаруу бийлик органдарынын кызмат адамдары, ошондой эле адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча ишке катышкан коомдук бирикмелердин жана өкмөттүк эмес уюмдардын кызматкерлерди адамдарды сатуунун курмандыктары тууралу купуя маалыматтарды жарыя кылгандыгы жана мындай адамдарга жардам көрсөтпөгөндүгү үчүн Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарында белгиленген жоопкерчилик тартышат.
(КР 2018-жылдын 11-январындагы N 2, 2023-жылдын 24-январындагы № 8 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 23.01.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- ЗАКОН Кыргызской Республики от 24 января 2023 года № 8 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О предупреждении и борьбе с торговлей людьми"
- Закон КР от 11 января 2018 года № 2 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О предупреждении и борьбе с торговлей людьми"Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1650/st-25" title="25-статья - Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>