Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
26-статья. Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин адамдарды сатуунун курмандыктарына жардам көрсөтүү жана коргоо боюнча милдеттери
Күчүндө · 23.01.2023 редакциясы
1. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкаркы жерлердеги Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери адамдарды сатуунун курмандыктары болгон Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын жана таламдарын алардын барган мамлекетинде коргоо жана алардын Кыргыз Республикасына кайтып келишине көмөк көрсөтүү боюнча ишти өздөрүнүн ыйгарым укуктарына жана барган мамлекеттин мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырат.
2. Адамдарды сатуунун курмандыктары болгон Кыргыз Республикасынын жарандарынын инсандыгын ырастаган документтери жоголсо же адамдарды сатуучулардан кайра алууга мүмкүнчүлүк болбосо, Кыргыз Республикасынын консулдук мекемелери ички иштер маселелерин тейлеген Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлик органдары менен бирдикте мындай жарандарга Кыргыз Республикасына кайтып келишине укук берген документтерди кыска мөөнөттүн ичинде жол-жоболоштурат жана берет.
3. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана барган мамлекеттин мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери алар барган мамлекеттин тиешелүү аткаруу бийлик органдарына адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тууралу маалыматты берүүгө, ошондой эле тиешелүү адамдардын арасында адамдарды сатуунун курмандыктарынын укуктары жөнүндө маалыматты жайылтууга милдеттүү.
Берененин тексти 23.01.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1650/st-26" title="26-статья - Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>