24-статья. Адамдарды сатуунун курмандыктарын социалдык жактан реабилитациялоо
Күчүндө · 23.01.2023 редакциясы
Акыркы өзгөртүү: ЗАКОН Кыргызской Республики от 24 января 2023 года № 8
1. Адамдарды сатуунун курмандыктарын социалдык жактан реабилитациялоо алардын кадимкидей жашоосун калыбына келтирүү максатында жүргүзүлүп, аталган адамдарга укуктук жардам көрсөтүүнү, психологиялык, медициналык, кесиптик жактан реабилитациялоону, ишке орноштурууну, турак жай берүүнү өзүнө камтыйт.
2. Адамдарды сатуунун курмандыктарын социалдык жактан реабилитациялоо Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.
3. Адамдарды сатуунун курмандыктарын социалдык жактан реабилитациялоону жүзөгө ашыруунун тартиби ушул Мыйзамга ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
(КР 2023-жылдын 24-январындагы № 8 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 23.01.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
24-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1650/st-24" title="24-статья - Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>