Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «2024-жылга статистикалык программаны бекитүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 16 декабря 2024 года № 761 "Об утверждении Статистической программы на 2025 год"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2024-12-16.
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-декабрындагы N 761 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2023-жылдын 25-октябры № 572 2024-жылга статистикалык программаны бекитүү жөнүндө 2024-жылы расмий статистиканы жүргүзүү жана жайылтуу максатында, "Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. 2024-жылга статистикалык программа тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитети, атайын статустагы мамлекеттик бийлик органдары, административдик ведомстволору, жергиликтүү мамлекеттик администрациялары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана чарбалык субъекттери (макулдашуу боюнча) Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин тиешелүү органдарына 2024-жылга статистикалык программада каралган мөөнөттөрдө административдик жана жеке маалыматтарды берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги "Кыргыз Республикасынын 2024-жылга республикалык бюджети жана 2025-2026-жылдарга пландык мезгили жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун даярдоодо Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин каражаттарынын чегинде каржылоого тиешелүү каражаттарды карасын.
4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-февралындагы № 79 "2022-жылга статистикалык программаны бекитүү жөнүндө" токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-декабрындагы № 675 "2023-жылга статистикалык программаны бекитүү жөнүндө" токтому.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2024-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
"Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2023-жылдын 3-ноябрындагы № 88 (3537) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 6 · цитата келтиргендер: 6 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (6)
- Достук айылдык Кенешинин 2025-жылдын 25-мартындагы №8 остук айыл өкмөтүнүн башчысы М.Н.Кадировдун, 2024-жылдын декабрь айында айыл аймагындагы бардык категориядагы чарбаларда…Постановление · 25.03.2025 · № 8
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-февралындагы № 79 "2022-жылга статистикалык программаны бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 18.02.2022 · № 79 · Күчүн жоготкон
- 2022-жылга СТАТИСТИКАЛЫК ПРОГРАММА (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-февралындагы № 79 токтомуна)Программа · 18.02.2022 · № 79 · Күчүн жоготкон
- 2023-жылга статистикалык программасы (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-декабрындагы №675 токтому менен бекитилген)Программа · 14.12.2022 · № 675 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-декабры № 761 "2025-жылга статистикалык программаны бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 16.12.2024 · № 761 · Күчүн жоготкон
- 2024-жылга статистикалык программма (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 25-октябрындагы № 572 токтомуна)Приложение · 25.10.2023 · № 572 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (6)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Расмий статистика жөнүндөЗакон · 08.07.2019 · № 82
- Кыргыз Республикасынын 2024-жылга жана 2025-2026-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндөЗакон · 12.01.2024 · № 9
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-декабрындагы № 675 "2023-жылга статистикалык программаны бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 14.12.2022 · № 675 · Күчүн жоготкон
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-февралындагы № 79 "2022-жылга статистикалык программаны бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 18.02.2022 · № 79 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-декабры № 761 "2025-жылга статистикалык программаны бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 16.12.2024 · № 761 · Күчүн жоготкон