Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «2023-жылга статистикалык программаны бекитүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-12-14.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2022-жылдын 14-декабры № 675 2023-жылга статистикалык программаны бекитүү жөнүндө
2023-жылы расмий статистиканы жүргүзүү жана жайылтуу максатында, «Расмий статистика жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. 2023-жылга статистикалык программа (мындан ары -Программа) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Министрликтер, мамлекеттик комитет, Кыргыз Реснубликасынын атайын статусу бар мамлекеттик бийлик органдары, административдик ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана чарбакер субъекттер (макулдашуу боюнча) Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин тиешелуү органдарына Программада каралган мөөнөттөрде административдик жана жеке маалыматтарды берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги «Кыргыз Республикасынын 2023-жылга республикалык бюджети жана 2024-2025-жылдарга иландык мезгили жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун даярдоодо Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин каражаттарынын чегинде каржылоого тиешелүү каражаттарды карасын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом 2023-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- Шопоков шаардык кеңешинин 2023-жылдын 27-ноябрындагы № 138 "Шопоков шаарынын аймагында 2023-жылынын аягына карата малдардын жана үй канаттуулардын саноого даярдык жөнүндө" токтомуПостановление · 27.11.2023 · № 138
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 25-октябрындагы № 572 "2024-жылга статистикалык программаны бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 25.10.2023 · № 572 · Күчүн жоготкон
- 2023-жылга статистикалык программасы (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-декабрындагы №675 токтому менен бекитилген)Программа · 14.12.2022 · № 675 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Расмий статистика жөнүндөЗакон · 08.07.2019 · № 82
- Кыргыз Республикасынын 2023-жылга жана 2024-2025-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндөЗакон · 17.01.2023 · № 3