Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Министрлер Кабинетинин «2022-жылга статистикалык программаны бекитүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров Кыргызской Республики от 25 октября 2023 года № 572 "Об утверждении Статистической программы на 2024 год"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2023-10-25.
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 25-октябрындагы № 572 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ ТОКТОМ 2022-жылдын 18-февралы № 79 2022-жылга статистикалык программаны бекитүү жөнүндө 2022-жылы расмий статистиканы жүргүзүү жана жайылтуу максатында, "Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. 2022-жылга статистикалык программа (мындан ары - Программа) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Министрликтер, мамлекеттик комитет, административдик ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана чарбалык субъекттер (макулдашуу боюнча) Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин тиешелүү органдарына Программада каралган мөөнөттөрдө административдик жана жеке маалыматтарды берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги "Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун даярдоодо Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин каражаттарынын чегинде каржылоого тиешелүү каражаттарды карасын.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 25-октябрындагы № 572 "2024-жылга статистикалык программаны бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 25.10.2023 · № 572 · Күчүн жоготкон
- 2022-жылга СТАТИСТИКАЛЫК ПРОГРАММА (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-февралындагы № 79 токтомуна)Программа · 18.02.2022 · № 79 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Расмий статистика жөнүндөЗакон · 08.07.2019 · № 82
- Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндөЗакон · 17.01.2022 · № 1
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 25-октябрындагы № 572 "2024-жылга статистикалык программаны бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 25.10.2023 · № 572 · Күчүн жоготкон